Menu

Видео – Москвада иштеген айлыгын алалбай, квартирасы жок, ачка, көчөдө калган мекендеш

Бөлүшүү:

Москванын алдындагы Химки шаарчасында кыргыздар дүкөнгө баратып, скамейкада олтурган бир мекендешибизди жолуктуруп калышкан. Алардын ортосундагы диалогду силерге сунуштайбыз:

-“Ашан” дүкөнгө келе жатып, бул кыргыз жигитти учуратып калдым…

– Курулушта иштейм…

Өзү Жалал-Абаддан экен, кайсы районунан болосун?

-Аксыдан болом… Карантинге байланыштуу жумуш жок калып, иштеген жеримен акча алалбадым. Ошого 18 күндөн бери азыр көчөдө жүрөм. Ар кайсы жерде жатып…

-Жумушу жок экен, февраль айынын гана айлыгын алыптыр, андан берки айлыгын бербептир. Ушул жигитке жардам керек. Кыргызстандыктар кайда жатышат, ошол жакка алып барып коюш керек болуп жатат. Муктаждарга тамак-аш берген жер бар деп уктук эле. Ошону билгендер айтып койсоңор, группаларга да бул видеону салсаңар. Бул окуя Москванын Химки шаарындагы ИКЕАнын жанында болуп жатат. Жанында “Мега” соода борбору, анан “Ашан” бар. Химкиге речной вокзалдан келген жерде. Эми жаткан жерин көрсөк, эми ал жерди айтпай эле коёлу. Мен душманыма да андай жерди ыраа көрбөйм. Эми орозонун күнү – Кудайдын ыйык күнү ушул балага жардам берип коёлу деген өтүнүч болуп жатат…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: