Menu

Билим берүү ишмердигин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди

Бөлүшүү:

Кыргыз станда билим берүү ишмердигин лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге  Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, – деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Бул чечим Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоону тартиптештирүү максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасында билим берүү ишмердигин лицензиялоо Убактылуу жобосунун долбоору менен төмөнкүлөр каралган:

–  Транспорттук каражаттардын айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү ишмердигине уруксат берүүдө билдирүүчү жабдылган класстардын жана автодромдун, окуу транспортунун коюлган лицензиялык талаптарга дал келүүсү жөнүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин) бүтүмүн сунуштоосу зарыл;

–  Орто, жогорку, дипломдон кийинки, жогорку окуу жайынан кийинки жана кошумча кесиптик медициналык билим берүүдө медициналык кадрларды даярдоодо материалдык-техникалык базанын жана клиникалык базанын, жабдуулардын коюлган лицензиялык талаптарга дал келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин) бүтүмүн сунуштоосу керек.

Убактылуу жобонун долбоорунда ошондой эле билим берүү ишмердиги менен лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинин 417-беренесине ылайык ченемдерди жана укуктарды бузуу менен алектенгени үчүн административдик жоопкерчилик тартиби көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Убактылуу жобо 2020-жылдын 31-декабрына чейин, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам аркылуу белгиленген ишмердиктин бардык түрлөрү боюнча лицензиялоо процедураларын жөнгө салган мыйзамдык актыны кабыл алганга чейин иштейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: