Иранда таажывирус чыгары менен ага коңшу өлкөлөр – Азербайжан, Түркмөнстан жана Россия Иран менен чек арасын жабышып, эч кимди өткөрбөй калышкан. Анын натыйжасында кыргызстандык 18 айдоочу Иран-Азербайжан чек арасында, 36 айдоочу Иран-Түркмөнстан чек арасында өтө албай, Кыргызстанга келе албай турушат.
КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Азербайжандагы, Түркмөнстандагы жана Россиядагы (Каспий деңизи аркылуу Иран менен чектешет) элчилерине бул багытта тапшырма берип, абалды көзөмөлүнө алган.
Ошондой эле ТИМ Азербайжандын, Түркмөнстандын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилерин ТИМге чакырып, аларга кыргыз жарандарынын үйлөрүнө кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп, нота тапшырышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ