Кыргызстандык эки дзюдочу – Артур Те менен Владимир Золоев “Спорттун эл аралык класстагы чебери” наамын алышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Кыргыз Республикасынын Дзюдо боюнча улуттук федерациясынан кабарлашты.
Наамды тапшыруу аземи 1-декабрда дзюдо боюнча Кыргызстан чемпионатынын ачылышында болгон.
Эскерте кетсек, спорттун эл аралык класстагы чеберинин нормативин толтурган эки спортчу тең жай айларында Индонезияда өткөн Азия оюндарында ийгиликке жетип, дзюдо боюнча күмүш медаль тагынышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ