Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарында Баатырлар аянтына гүлчамбар койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда, Венгрияга расмий визитинин алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен аскер оркестринин коштоосунда өттү.

Мамлекет башчысы венгер мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна салымын кошкон белгилүү венгер ишмерлери менен инсандарынын элесине таазим кылды.

Баатырлар аянты – Будапешт шаарынын эң маанилүү аянттарынын бири, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Баатырлар аянтынын ортосуна баш периште Гавриил жана анын айланасында мадьярлардын 7 жол башчысынын элестери берилген Миңжылдык мемориалы турат. Эстелик венгерлердин Мекенинин калыптанышына жана Венгер королдугунун негизделишине арналып курулган. Ошондой эле көрүнүктүү венгер ишмерлеринин скульптурасы менен коллонада тургузулган. Мемориалдын алдында венгер баатырларынын урматына эстелик такта орнотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: