Menu

И.Карамушкина: “КСДПнын мүлкүнүн камакка коюлушуна эл аралык баа берүүнү өтүнөм”

Бөлүшүү:

Т; И.Карамушкина: “КСДПнын мүлкүнүн камакка коюлушуна эл аралык баа берүүнү өтүнөм” Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Карамушкина мындй пикирин билдирди. “Мен бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кырдаалды курчутууну жана адам укуктарын басмырлоону токтотушун талап кылам. Мыйзамдык талаада гана маселени чечүүгө өтүшүбүз керек. Мен ошондой эле саясий партиялар, парламенттик системаны өнүктүрүш үчүн укуктук шарттарды түзүү сыяктуу жыйындарды өткөрүп келген Бириккен Улуттар Уюмун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун алдындагы Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросун 7-8-августтагы окуяларга, экс-президенттин камакка алынышына, «Апрель» жана «7-канал» телекомпанияларынын жана КСДПнын мүлкүнүн камакка коюлушуна эл аралык баа берүүнү өтүнөм-деди Ирина Карамушкина.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: