БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун көптөн бери эле президенттикке аттанаары айтылып келген. Бирок эмнегедир каржы маселесин чече албай жаттыбы, же кимдир бирөөлөр менен соодалашуу жүргүзүп келдиби, айтор так бир чечимге келе албай жаткан. Ар бир нерсенин өз убак сааты болот окшойт. Туйгуналы мырза кабыргасы менен катуу кеңешип, акыры президенттик шайлоого чыкмай болуптур. Жакынкы 2-3 күндүн ичинде БШК-га арыз жолдогону турат. Минтип чындап аламанга аттанып жатканына караганда, бир келген өмүрдө так талашып, бак сынашып көрөйүн деген окшойт. Болбосо соодалашуу оңунан чыкпай, дагы да болсо кимдир бирөөлөрдүн жуучу жиберишин үмүт кылып жатабы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ