Бул процессте Курсан Асанов, анын айдоочусу Пайзилда уулу Дамирбек жана Чындык сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков келген.
Сот отуруму соттун жоктугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Кийинки отурум 24-июнда болот.
Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр, 2019-жылы 13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен Курсан Асанов кызматынан алынган. 14-августта “ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен ага кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган. Тергөө органдары Курсан Асановду экс-президент Алмазбек Атамбаев менен тымызын кызматташып, анын сырдуу документтерин жашырып алып чыгып берген деген айыптарды тагууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ