Menu

$170 миң пара алып кармалган Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 14 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков $170 миң пара алып кармалган Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Азимкан Жусубалиев 2018-жылы 5-декабрда чет элдик компаниядан Эпкин-Дыйкан, Башкууганды 70 чакырым узундуктагы жолду курууга тендерди утууга жардам бергендиги үчүн $50 миң пара алып жаткан жеринен кармалган. Паранын калган бөлүгүн мурун алгандыгы да жарыяланган.

Бул окуядан кийин ошол кездеги транспорт министри Жамшит Калилов президент Жээнбековдун сынына кабылып, кызматынан кеткен.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: