Жумгал районунда жалгыз бой, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үйлөрү дезинфекцияланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Маалым болгондой, коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында жер жерлерде ыктыярдуу топтор түзүлүп, райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жалгыз бой жана улгайган 110 жашоочунун үйлөрүндө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле керектүү антисептик каражаттар менен камсыз кылып, ар бир жаранга коронавирус инфекциясынан кантип сактануунун жолдорун түшүндүрүп беришти. Мындан тышкары, өтө муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк, дары-дармек, медициналык бет каптар менен камсыз кылушууда. Бул иш мындан ары да улана берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ