Menu

АКШнын Орусияга киргизген санкциясы кеңейтилди

Бөлүшүү:

Орусия Крымды аннексиялап алып, Донбасстагы чатакка киришкени үчүн АКШ ага киргизилген санкцияны кеңейтти. Американын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, бул ирет «кара тизмеге» үч киши жана тогуз компания кошулду. Санкциялык тизмеге киргендердин арасында Украинанын эки жараны бар. Алар – Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, учурда өзүн «Луганск эл дикреспубликасы» («ЛЭР») деп атап алгандардын катарындагы Александр Басов жана атайын кызматтын мурдагы өкүлү Андрей Сушко.

Мындан тышкары, тизмеде Орусиянын Коргоо министрлигинин Ракеталык жана артиллериялык күчтөрүнүн мурдагы командачысы Владимир Зарицкий да бар.

Ошондой эле америкалыктардын пикири боюнча мыйзамсыз мамлекетке өткөрүлүп, сатылган Крымдагы «Мрия» курорту, «Ай-Петри», «Дюлбер», «Мисхор» санаторийлери, «Крым жылуулук электр борбору» акционердик коому, «Гарант-СВ», Инфраструктуралык долбоорлорду башкаруу компаниясы, ишкер Юрий Ковальчук менен «Россия» банкы менен байланышы бар экендиги айтылган «Түштүк долбоор» ишканасы, өзүн «ЛЭРдин Мамлекеттик коопсуздук министрлиги» деп атаган мекеме да тизмеге кирди.

АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер бейшембиде санкциялар Орусиянын инвестиция аркылуу Крымды интерациялоо аракети жана адам укуктарын бузганы үчүн киргизилип жатканын айтты.

Октябрдын ортосуңда Волкер Орусияга каршы санкциялар бир-эки ай сайын жаңыланып тураарын жарыялаган.

Вашингтон Крымдын аннексияланышы үчүн Орусияга алгач 2014-жолу санкция киргизген.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: