Menu

Айбек Мырза, жаш саясатчы: «Атамбаев менен Отунбаевага бере турган суроолор толтура»

Бөлүшүү:

— Айбек, күздө курултай өткөзүп президент С. Жээнбековдон отчёт алабыз деп атасыңар. Курултайга Жээнбеков макул болуп келеби?

— Президентибиз Сооронбай Шариповичтин “Мен элге таянам” деген сөзү бар. Элге таянам деген киши элге отчёт бере билиш керек. Менимче Сооронбай Жээнбеков курултайга келип, элдин алдында жасаган иши боюнча отчёт берүүдөн качпайт. Туруктуу элдик кеңеш (ТЭК) С. Жээнбековго күзгө чейин Кумтөрдүн тегерегиндеги ызы-чууга, Дача- СУда кулаган кандуу жүктүн чыныгы ээси, Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши, буйрутма кылмыш иштеринин артында кимдер турат, улутташтырылган обьектилердин тагдыры эмне болгон деген ушуга окшогон суроолор менен кат жөнөткөнбүз. Ошолорго да жооп сурайбыз

— Бул суроолорго Атамбаевден жооп алса туура болот го?

— Атамбаев, Отунбаеваны да күздөгү курултайга чакырабыз. Аларга да берилчү суроолор толтура.

— Бүгүнкү бийлик менен эски бийликтин айырмасы барбы?

— Азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөштө саясий лөктөрдү камоону баштады. Бул жакшы көрүнүш. Бирок, реформа жасоо жагынан айырма деле көрүнбөйт. Мурунку эле система иштеп жатат. Кадрдык саясатта дагы көп өзгөчөлүктөр байкалбады. Эски кадрлар, эски ыкмалар.

Маектешкен К. Тагаев

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: