Беларус президенти Александр Лукашенко мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын 70-80% парламент жана өкмөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу ал дүйшөмбү күнү министрлер менен болгон жыйын учурунда билдирди.
Лукашенко ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн парламент менен өкмөткө өткөрүп берүү үчүн азыркы Конституцияны “бузуу” максатка ылайык эмес деп эсептейт.
Ал өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорлорун парламент талкууга алып, андан соң президенттин кол коюусуна жөнөтүү боюнча жаңы механизм сунуштады. Бул тууралуу БелТа агенттиги жазды.
Лукашенко ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселесин быйылкы жылдын аягында, келерки жылдын башында чечүүгө убада берди.
Лукашенко инаугурациясын тымызын өткөргөндөн кийин беларус оппозициясы аны менен конституциялык өзгөртүүлөрдү талкуулоодон баш тарткан. Оппозициячылар тынч митинг өткөргөндөрдү жапырт түрдө куугунтуктоо үчүн Лукашенко жеке өзү жооптуу деп эсептешет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ