Menu

Шайлоо босого чегин 3-5%га түшүрүү, тизмедеги талапкерге добуш берүү – түпкүлүгүндө кыйроого алпарат

Бөлүшүү:

Парламенттик щайлоого карай босого чек 9% катары мыйзамда каралып, бекитилген болчу. Бирок, саясый күчтөр улам копшолушуп, тегерек үстөлгө чогула калышып, 3 же 5%га ылдыйлатууну айтышууда. Ар ким өзүнөн кызыкчылыгына жараша аргументтерди келтиришүүдө. Маселен, босого чекти 3%га түшүрсө, болжол менен 50 миң добуш алган партия Жогорку Кеңешке кирип келет. Бери жагы 7-8 партия күтүрөп, түрдүү саясый амбициялар менен депутаттык мандаттарга ээ болуширын аңдап атабыз. Накта базар ошондо башталат да. Идеологиясы, программасы кыйратпаган топтордун баары эле шайлоого аттанышканын кандайча баалайбыз? Мындайда талаш-тартыш, ыр-чыр көп болору айныгыс чындык. Мамлекетти өнүктүрүүнү эмес, биз жалаң популизм менен гана жашап калчудайбыз. Андыктан, босого чекти 9%да кармаганыбыз туура. Ошондо майда-барат партиялар биригишип, балким үч партия Жогорку Кеңешке өтүп келет. Интрига да аз болот… Ал эми ар бир талапкерди шайлоочу ачык тизме аркылуу партиядан тандап добуш берсе эле, коррупция, сатып алуулар токтоп калмак беле? Тескерисинче, ошондо акча чачмай, убактылуу оюн зоок уюштуруп, мал союп, арак-шарап таратмай курчуйт да. Ким болбосун «өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар» дейт да, максатка жетүү үчүн кайрадан
эле элдин башын айландыруу менен саясый коррупцияга бет алышат. Дал ушул демилгени көтөргөндөр жөн эле кур дымакта эсирип атышканын эскертип коёлу. Карапайым калк деле азыр саясатташып калган, көпчүлүгү убактылуу кызыкчылык үчүн добуш беришери жалганбы? Андыктан, шайлоодо тизмедеги талапкерлерге добуш берүү менен алдыга умтулууну, реформаны көрө албайбыз. Бул жерде бузукулук да байкалууда. Эң башкысы, элдин аң-сезими өзгөрүшү керек. Ошондо гана алдыга умтулабыз. Бир ууч саясатчылар кыйкырып коюшса эле караламан калктын пикири катары түшүнгөнүбүз реалдуулук эмес, түпкүлүгүндө кыйроого кадап жүрбөсүн?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: