Menu

Майрамда ашхабаддык мугалимдер көчө тазалашты

Бөлүшүү:

Ашхабадда бийлик мектеп мугалимдерин жана бала бакча кызматкерлерин көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери үчүн мажбурлоодо.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 8-9-май расмий түрдө майрам катары жарыяланганына карабай, мугалимдер менен бала бакча кызматкерлери ишке чыгууга милдеттендирилди.

Маалыматтарга караганда, мектеп мугалимдери Олимпиада шаарчасынын айланасын тазалашты. Көчөлөрдү шыпырып, чөптөрдү тегиздеп, отоолорду жулуп, арыктарды акыр-чикирден арылтышты.

Тазалоо жана көрктөндүрүү жумуштары 17-27-сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына карата жүргүзүлүүдө.

Олимпиада шаарчасы дагы бул оюнду утурлай салынган. Мамлекет анын курулушуна 5 миллиард, эл аралык аэропорт үчүн 2,3 миллиард доллар жумшаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: