Menu

Кудайберген Базарбаев, экс-министр: “”12 метр тукаба, 5 жоолукка жетине албаган апам көз жашын тыя албай калды”

Бөлүшүү:

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ажарын ачып, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын түйшүгүн жеңилдетип, иштеген ишинин майын чыгарган эксминистр Кудайберген Базарбаев саясаттан тыш маектештик

“Бала кезде жетип- жетпеген жашоону баштан өткөрдүм”

– Апам  физика, математика  сабагынан мугалим болуп, 47 жыл  иштеди. Атам билимдүү адам болгондуктан чүйлүк болсо да,  Нарын облусунда, Ат-Башы районунда, Тогуз-Тородо иштеди.  Улуу Ата Мекендик согуштан алган жаратынан  мен окуучу кезде эле бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Ал кезде биз Токмокко көчүп келип, отурукташып калганбыз.  Апам байкуш 8 баланы  багам деп кара жанын карч уруп иштеди. Эки жылдай өкмөттүн кийимин кийип калдым. Турмушубуз оор болду. Жетип-жетпеген жашоону баштан өткөрдүк.  Апамдын түйшүгүн жеңилдетейин деген максатта 3-классымдан баштап  иштеп, кошумча каражат тапканга көндүм. Азыр ойлосом, ошол кездеги тынымы жок иштеген эмгекчилдигимден  элдер бир айда тапкан акчаны мен үч жумада тапкан күндөрүм болгон.

“Камыр жууруп, кесме кесчүмүн”

– Апамдын түйшүгүн жеңилдетүү максатында  баардык бир туугандар кыз-эркектин жумушун ылгабай жасадык. Камыр жууруп, кесмеге чейин кесчүмүн. Балалыгымда көп кыйынчылыкты көргөнүм үчүн балалыгын оор шартта өткөргөн  аянычтуу балдардан аяна албайм. Колумдан келишинче жардам берип, түйшүгүн жеңилдетем. Өзүмдөн улам жашоодо кыйынчылыкты  көп көргөн адам турмушта да, достукка да туруктуу, бекем болоорун, барчылыктын да, жокчулуктун да кадырын билерин билип, кол кабыш кылгым келет.

“Баламды  гезит саттырып, машине жуудуруп иштеттим”

– Балдарым да барчылык турмушта өсүп, туура эмес тарбияланып калбасын деп жайкы каникулда  гезит саттырчумун. Жубайым “сага эмне жетпейт, балаңа гезит саттырып, элдер көрсө эмне дейт” деп намыстанып, уялып жүрдү. Нан таап жегенди, бирөөгө көз каранды болбой өзү акча тапканды үйрөнүп, эмгекке бышсын, кыйынчылыктарды жон териси менен сезсе бир тууганга да карамдуу болот деп саттыра бердим. Чоңоюп калганда машине жууп иштеди. Андан кийин машинелер токтоочу жайда күзөткө турду. Бой жетип калганда официант болду.. Бир эле балам болгонуна карабай мага таянбай жашоого жана өз алдынча болууга тарбияладым.  Азыр да менин жардамым керек экенин билсем  да, акча бербейм. Өзү кырдаалдан чыгуунун жолун издесин дейм. Кудайга шүгүр, уулум өзү иштеп, ээ болгон кесиби менен үй-бүлөсүн жакшынакай багып жатат.

Баса, окуучулук, студент кезинде балама күнүгө 15 гана сом берчүмүн. 10 сомду жол кире кылса,  5 сомго бир нерсе сатып жечү. Кызыма 20 сом берчүмүн. Ал 10 сомун жол кире кылса, 10 сомуна бир нерсе сатып жечү. Барчылыкка, токчулукка көппөй, жөнөкөй жашоодо жашасын деген таризде балдарымды ушундай ыкма менен тарбияладым. Азыр кызым да, уулум да үй-бүлөлүү. Өз оокаттарына тың. Бири-бирине карамдуу.

“Агам Чолпонбек Базарбаев мени аталык да, агалык да камкордукка алды ”

– Жубайым экөөбүз тең Улуттук университеттин чет тилдер факультетинде окудук. 4 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Мен жубайымды көргөндө эле мындан башка эч кимди сүйбөсүмдү билдим.  Досторумдун ошол кездеги лимузини болгон москвич, жигули деген машинелери бар болчу. Ошол унаалар менен Токмокко алып  келдик. Эки айдан кийин ыраматылык агам Чолпонбек Базарбаев той өткөрүп берди. Атам каза болгондон кийин агалык, аталык камкордукка мени Чолпонбек агам алды. Менин  адам болуп калыптанышыма да чоң салымын кошту. Агам да бул дүйнө менен эрте коштошту…

Агамдын, жеңемдин жакшылыгын эч унута албайм. Кайда барбайын  “жеңилимди жерден, оорумду колдон алган”  жеңемди төргө отургузуп, апамдын көзүнүн тирүүсүндө эле өзгөчө урмат-сыйымды көрсөтчүмүн. Анткени, агам да, жеңем да кемтиги жок асыл кишилер болду. Агам акыл насаатын айтып, жок нерсебизди берип, камкордукка алса, жеңем биздин тамак-ашыбызды жасап, кирибизди жууп, болушунча апамдын түйшүгүн жеңилдетти. Биз бир үй толо бала болуп, бака-шака түшкөн  8 бир тууган болсок,  эми эки гана бир тууган болуп калдык…

“Бир үйдөн үч атактуу инсан чыктык”

– Атам да, апам да тектүү жердин кызы, уулу  болгон үчүнбү, бир үй-бүлөдөн үч таланттуу, иш билги адам чыктык. Агам Чолпонбек Базарбаев искусстводо атагы чыккан эр азамат болсо, иним Жумабек Базарбаев белгилүү сүрөтчү болду. Үч жыл Түштүк Кореяда жүрүп тауджуджа деген стиль менен сүрөт тартканды үйрөнүп келди. Мен болсо, социалдык тармактын түйшүгүн жеңилдетип, элиме жардам берсем деген максатта иштедим.

“Апамдын мээнетин Жараткан дөөлөттүү карылык менен кайтарды”

– Апама студент кезде строй отряддан алган айлыгымды чогултуп 12 метр тукаба, 4-5 жакшы жоолук алып барсам, сүйүнгөнүнөн көпкө чейин ыйлаган. Анткени, тукаба деген ошол кезде дефицит болчу.  Апамдын сүйлөгөнгө дарманы келбей, кубанычтан тыйылбаган көз жашы азыр да көз алдымда. Баарыбыз апам көргөн оор күндөрүн жакшылык, ийгилик менен кайтаралы, эч нерседен кор кылбай багалы деп  аракеттендик. Чолпонбек агам  кайда гастролго барса, ошол жактан апама кийимдин жакшысын, даамдуу, таттуу нерселерди алып келчү. Апам терисине батпай, сүйүнүп калар эле.  Апам кудай сүйгөн жакшы адам болду.  84 жашка чыкты. Жакшы жашады. Жаш кезиндеги мээнетти жараткан дөөлөттүү карылык менен кайтарды. Өмүрүнүн акырына чейин мени менен болду.  Ооруп өзү да кыйналып, бизди да кыйнаган жок.  Уктаган боюнча кете берди.

Апам мени жакшы көрөрүн билсем да, кээде башка балдарындай камкордукка албаганы үчүн апа, мен башка бирөөнүн баласымынбы деп  тамашалап калаар элем. Байкуш апам, балам аны кийин түшүнөсүң деп  жылмайып койду. Айткандай эле ал сөздүн баркын кийин  билдим. Көрсө, эне байкуш, алсызына жардам берип, алдуусунан кам санабай тирлигин жасап кетет деген ишенимде болчу тура…

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: