Menu

АШАсыз жана Саляновасыз “ууру” кете алмак эмес

Бөлүшүү:

Майрамбек Акматалиев мурдагы атайын прокурор: Салянова Атайын прокуратуранын кызматкерлери сот отурумуна катышып Батукаевди колдошубуз керектигин айтып көрсөтмө берген (Акматалиевдин тергөөдө берген көрсөтмөсү).

Мен Батукаевдин эркиндикке чыкканы жатканын 2012-жылдын декабрь айында билдим. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппараттынан уктум.

Ошондой эле ушул айда мага Батукаев катуу оору аны №47 абакка которуу керек деген каттар байма-бай түшө баштады. Мен жогорудагы маалыматты такташ үчүн Батукаев жаткан №24 жатак абагына бардым.

Мекемеге келип Батукаевдин абалы менен таанышкандан соң, кат түрүндөбү же ооз эки кайрылдымбы эсимде жок. Бирок, №24- жатак абагына барганымды, жолугушууда А.Батукаев ден соолугу начарлап бараткандыгын кыймыл аракеттери менен көргөздү. Мен бул кыймыл аракеттер атайын мени А. Саляновага жеткирсин деген максатта жасалып жатпасын деген ой менен ишенген жокмун. 2013-жылдын 3-апрель күнү саат 10:30дар чамасында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан 2013- жылы Р. Касмалиевдин колу коюлган А. Батукаевдин ден соолугуна байланыштуу бошотуу боюнча СМКтын корутундусу тиркелген 4 барак жана СВТЭКтин 2 барак тиркемеси менен чыгыш номери № №4/1-158 кат келип түшкөн.

Мен бул документти аларым менен башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усмановага телефон чалдым жана жогоруда көрсөтүлгөн документ келип түшкөндүгүн, бирок материалдар толук эместигин айттым. Ал мага бул суроо боюнча мен түз Аида Салянова менен байланышым керектигин, анткени бул суроо менен А. Салянова жеке өзү алектенип жаткандыгын билдирди.

Мен Усмановадан бул маселе менен А. Салянова алектенип жатканын уккандан кийин, мен дарыгерлердин аныктамасын кайрадан алып, бул маселени кылдат изилдеп чыгуу үчүн жетекчиликти көндүрөм деп ойлоп, ушул эле күнү түштөн кийин Батукаевдин корутундусун алып Башкы прокуратурага А. Салянованын кабылдамасына келдим. Ал мени 19:30дар чамасында кабыл алды. Мен ага Батукаевдин айланасында пайда болгон кырдаалды түшүндүрдүм. Мен ага өкмөттүн алдындагы жаза аткаруу башкармалыгы Батукаевди ден соолугуна жараша бошоткондугу жаткандыгын жана СВТЭК жана СМКтин корутундуларын айтып, бул дарыгерлер чечими экендигин, бул боюнча комиссия түзүү керектигин айттым. Ал бул документтер менен таанышып бул суроого жообун айтарын билдирди. Мен анын кабинеттинде 10-15 мүнөттөй болдум. Анткени менин башка анда жумушум же суроом жок болчу. 2013-жылдын 4-апрель күнү саат 11лер чамасында ал мени өзүнүн катчысы аркылуу кабинетине чакырды. Мен анын кабинетине киргенде эле мурдагы пикиримди кайталап СВТЭК и СМКтын корутундусу боюнча комиссия түзүү керектигин айттым. Ал мага бул тема боюнча керектүү адамдар менен сүйлөшкөндүгүн, мен өз түшүнүгүмдө ал өлкө жетекчиси менен сүйлөшкөн деп болжодум.

Ал бул боюнча аларда баардык маалымат бардыгын айтты. Ошондой эле ал мага Атайын прокуратуранын кызматкерлери сот отурумуна катышып Батукаевди колдошубуз керектигин айтып көрсөтмө берди.

Мен ага кызматкерлер мекеменин башчысынын сунуштамасы боюнча сот отурумдарына катышарын бул боюнча Башкы прокуратуранын буйругу бардыгын айттым. Ал мага бул буйрук мыйзамсыз экенин, атайын прокуратура сотко катышарын айтты. Мен ага Батукаевди бошотууга болбой тургандыгын эгерде мыйзамдагы ууру кылмышкер эркиндикке чыгып кетсе, биз элге эмне деп айтабыз дедим. Менин бул сөзүмдөн кийин ал мага, эгерде мен Батукаевге тийешелүү бул маселени чечпесем ал мага тийешелүү суроону чечерин айтты. Мындан соң мен ал менин кызматым боюнча кыйынчылык жараларын ойлоп, кызматымдан айрылып калбайын деген коркуу сезими менен макулдугумду бердим. .

Ошондой эле Майрамбек Акматалиев “Эмне үчүн атайын прокуратура Нарын шаардык сотунун Батукаевди бошоткон чечимине каршы арызданган жок?” деген суроосуна Мен 2013-жылдын 22-апрелине жакын жумушка чыгып орун басарым Айтмабетовдон Батукаевге карата чыгарылган Нарын сотунун токтому жокко чыгарылдыбы деп сурадым. Ал баардык документтер Башкы Прокуратурага жиберилгенин, азыркы тапта баардык аракеттер Усманова тараптан эч кандай аныктама берилбей туруп токтотулгандыгын билдирди.

Каныбек Нурматов 

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: