Кой-Таштагы окуя боюнча сот процесси 11-майга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда айыпталуучунун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, ден-соолугуна байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев процесске келе алган жок. “Анын кан басымы дагы деле төмөн болуп жатат. Андан тышкары, өзгөчө кырдаал болгондуктан, эки жактоочу соттук отурумга келбей калышты”, – деди ал.
Алмазбек Атамбаев бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда. Алардын экөөсү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча сот процесстери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ