Menu

Кыргызстандык жаран Россияда көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан кулап, каза тапты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айылынын тургуну Россиядагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан кулап, каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал тез жардам келгенге чейин көз жумган. Азыр Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин юристтери жана жергиликтүү полиция кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат. Өлүкканадан анын мээсине кан куюлуп кеткенин билдиришкен. Бирок, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин белгилүү болот. Сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү үчүн мекендештер акча чогултуп, жөнөтүшкөн.

Россияда каза болгон кыргызстандык жаранды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өттү.

Анын аялы жана бир жашка чыга элек кызы бар. 36 жашта болчу. Аксы районунун Жерге-Тал айылында туулган. Эжеси жана жездеси менен бир жылдан ашык убакыттан бери Россияда иштеген. Үй-бүлөсүндө 6 баланын 3ү болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: