“Келме кезек, терме тезек” дегендей, азыр бир кезде К. Ташиев, А. Келдибеков сыяктуу кыргыздын белдүү жигиттеринин үстүнөн ойдон чыгарылган кылмыш ишин токуп, депутаттык мандатын тартып алуу, түрмөгө камоо сыяктуу Ак үйдүн “репрессияларын” ишке ашырган экс-башпрокурор Аида Салянованын өзүнүн башына кара булут айланып аткан кербези. Анткени ал “Ата Мекен” партиясынын катарына кошулуп, лидери О. Текебаевди жандап баса баштагандан тартып бийликтин каарына калып, 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылган. Эгер ушул “күнөөсү” далилденсе, Аида айым сегиз жылга камалып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары күйөөсү Б. Абдыкапаровдун “Тазалык” ишканасынын үстүнөн козголгон кылмыш ишине “крыша” боло коём деп акча жасагысы келгендиги боюнча да кылмыш иши токулган. Ошондой эле студент кыздын өлүмүнө шектелген бир тууган агасы да чет жакта качып жүрөт. Бул жумага белгиленген сот отуруму анын кызы ооруканага жатып калганына байланыштуу өткөн жок. Эми бийликтин ишаарасы менен иш кылган сот экс-башпрокурорго кандай чара көрөт болду экен?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ