Menu

Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: “Ташиевдин түштүктө кадыры чоң!”

Бөлүшүү:

Апрель революциясынын активдүү катышуучусу Кайып Шер менен баарлашып, саясаттагы айрым жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк.

– Эмне үчүн эрте жарыкта эле таза шайлоо өтөөрүнөн шек санап, элди баарын каршы добуш  берүүгө үндөп жатасыз?

– Анын да маанилүү себеби бар. Айтайын дегеним, азыр “таза шайлоо өткөрөбүз” деген маселени көтөргөн жыйындар тынымсыз өтүп, “мыйзам бузууларга жол бербейли” дешкени менен баары бир шайлоодо ыплас, элдин добушун сатып алган жагдайлар орун алат. Башкача айтканда БШКнын  демилгеси менен уюшулган “жигиттик келишим” да жакшы жыйынтыгын бербей калат. Себеби,  президенттикке талапкер болгон акчалуу, таасирдүү адамдарга добуш алып берүү үчүн айылдык,  райондук кеңештин депутаттары “акча беребиз” деп элди тымызын бөлүп алышты.  Кыскасы, “таза шайлоо болот. Добуш сатып алуу, мыйзамсыз жагдайларга жол бербейбиз”- деп кооз сүйлөшкөнү менен добуш сатып алуу, башкача айтканда, шайлоонун  шайтан оюндары мен айткан жергиликтүү депутаттардын колу менен ишке ашат. Ага убагы келгенде күбө болобуз.

– Эгер баарына каршы добуш бергендер көп болуп кетсе, шайлоо жокко чыгып калышы мүмкүнбү?

– Мүмкүн. Анткени, Атамбаев “шайлоонун жыйынтыгын эл кабыл албай койсо, бийлик өз кишилеримде калсын” деген жагдайды да ойлонуштуруп койгон. Ошон үчүн кокус шайлоонун жыйынтыгын эл тааныбай койсо, бийлик Сапар Исаковго автоматтуу түрдө өтүп, мамлекетти башкаруу вазыйпасы ага жүктөлөт. Ошонун баарын алдын алып, Чыныбай Турсунбековдун мизин майтарып, “жөн отур” дегендей кылып коюшкан. Кудай буюрса, 1-декабрдан бир мүнөт өткөндө Атамбаевдин бийлиги токтоп, автоматтык түрдө бийлик өкмөт башчылыкка өтөт. Бирок,  президенттикке талапкерлер акчанын күчү менен болсо да сатып алабыз деген таризде жан  талашып, эч нерседен акчаларын аябай ийгиликке аракет кылып жатышат. Аларга президенттик так буйруйбу, аны Кудай билет.

– Чыныгы атаандаштык кайсыл талапкерлердин ортосунда болушу мүмкүн?

– Акчалуу талапкерлердин арасында болот. Анткени, алар жигиттик келишимге кол коюшса да, президенттик такка ээ болуп калууну көздөшөт. Бирок, акчалар самандай сапырылганы менен президенттик так аларга буйруурун Кудай билет. Чынында Атамбаевге да так ушундай кырдаал  керек. Ошондуктан, кошоматчылар азыртан баштап, Сапар Исаковго жагалдана берсе болот.

– Атамбаевдин Сапар Исаковдон башка ишенээр адамы жокпу?

– Атамбаевдин бардык талабына Сапар Исаковдон башка эч ким жооп бербейт. Ошондой эле президент менен Сапар Исаковдун туугандык да жайы бардай сезилет. Анын үстүнө Сапардын атасы Усубалиевдин кадры. Сапар тырмактайынан коррупция эмне экенин билген, алың-бериң менен чоңойгон бала.

– Бирок, Сапар Исаков коррупцияга аралашпасын айтты го? 

– Азыр Сапар майда барат акчалар менен колун булгабайт. Ал Атамбаев берген тапшырманы гана аткарып, өз миссиясын аткарат. Анткени, эл билбеген булактардан деле Сапарга тиешелүү каражат түшөт. Президент ошон үчүн “Сапарды коррупцияга аралашпай тур”- деди.

– Кыргыз саясатындагы биригүү, ажырашуулар кимдер үчүн пайдалуу болду?

– Азыр бириккенинен ажырашканы бат болгон “төртилтиктегилер” Ташиевге башта “духу бар” деп ишенишчү. Ошон үчүн Ташиевди “Сооронбай Жээнбековго кошулуп кетти” деп күнөөлөп жатышат. Чынында Ташиев Сооронбай Жээнбековго жөн эле кошулган жок. Ал акыл эси жайындагы адам. Ал “төртилтиктеги” саясатчылардан Сооронбайды жогору койду. Ташиев жанындагыларды салмактап көрүп, Сооронбайга ыктады. Эгер “Кайра жаралуу партиясын түзөбүз” деген лидерлер ар кимиси өзүн эмес, Ташиевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөндө ал Сооронбайга ыктамак эмес. Тилекке каршы, төртилтиктин баары президент болгусу келди. Биригүүнүн жыйынтыгы ажырашуу менен аяктады.

-Ташиевге Сооронбай Жээнбеков муктаж болдубу же Ташиев Сооронбайга муктаж болдубу?

– Сооронбай Жээнбеков Камчыбек Ташиевге муктаж болду. Анткени, Ташиевдин түштүктө кадыры чоң. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбеков Ташиевге кол сунду.

– Сооронбайга кошулуп, Ташиев өз позициясын жоготуп алган жокпу? 

– Ташиев жоготкон ресурсун Сооронбайга кошулуу менен толуктап алгысы келди окшойт. Себеби, буга чейин аны пайдаланып сатып кеткендер болду. Ташиев Сооронбайга кошулуп, аларга  ыңгайсыздык жаратып, эсеп-чотун берип коёюн деди окшойт.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: