Menu

Пьер Карден Парвина Саидованы Парижге чакырды

Бөлүшүү:

«WORLD BEAUTY ASTANA 2016» сулуулар жана мода фестивалынын финалында Тажикстандын атынан чыккан Парвина Саидова “Missis International-2016” номинациясы боюнча жеңишке жетишип, белгилүү кутюрье Пьер Карденден чакыруу алды. Эми ал Парижге барат.

Сынакка дүйнө жүзү боюнча 4 жаштан 35 жашка чейинки жана андан жогорку курактагы 120 модель катышкан. «Missis» деп аталган жаш курак боюнча категориялар (31 жашка чейин) «Silver», (35 жашка чейин) «Gold», (35 жаштан жогору) «Platinum» деп бөлүндү. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 5-ноябрда Астанада өттү.

Беш баланын апасы, 27 жаштагы Парвина Саидова тажик дизайнерлеринин улуттук кийимдери менен Борбор Азия жана Европанын подиумдарына бир нече жолу чыккан.

Эки жыл мурун эле ал мода дүйнөсүнөн такыр алыс болчу. Жаш айымды дизайнер Хуршед Сатторов байкап калгандан кийин баары өзгөрдү.

Ал Тажикстандагы белгилүү ырчылардын клибине тартылганга чейин катардагы үй кожойкеси катары балдарын тарбиялоо менен алектенген. Эки жыл мурун өмүрлүк жолдошу өлүп калган соң анын жашоосу кесин өзгөрдү. Көңүлү чөккөн аял жакындарынын кеңеши менен өзүнө келип, жашоосунун жаңы барагын ачты.

Социалдык түйүндөрдөгү сүрөттөрү көңүл бурдуруп, аны жарнама, клип, тасмаларда тартылууга чакыра башташты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: