Menu

Өмүрбек Текебаев: “Дайыр Орунбековго 2 млн сом айып салып, куугунтуктап жатышат, эртең камап салышы мүмкүн!”

Бөлүшүү:

“Дайыр Орунбековго 2 млн сом айып салып, куугунтуктап жатышат, эртең камап салышы мүмкүн!” Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын лидери КТРКнын “Ой ордо” берүүсүндө Атамбаев тарабынан демилгеленген Башмыйзамды өзгөртүү кадамына каршы чыгып жатып, анын журналист Д.Орунбековго кылып жаткан куугунтугуна токтолду: “Бүгүн, биринчи статьяга отуздан ашык жогоркуу баалуулуктарды киргизип жатат. Азыркы Башмыйзамда адам укугун эле баалуулук болуп калыптыр, Тарыхты сыйлоо, мекенди сүйүү деген ж.б баалуулуктарды Башмыйзамга киргизели деп жатышат. Албетте булар жакшы сөздөр, бирок юридикалык түшүнүк эмес. Бул нравалык, философиялык түшүнүк. Эгер, жогорудагы отуздан ашык баалуулук кирип кала турган болсо, анда “ушул баалуулуктарды коргоо үчүн, адамдын укугун чектесе болот” деп жазып жатат. Бул “эмне үчүн президентти сындайсың?” деп, Дайыр Орунбековго 2 миллион сом айып салып, куугунтуктап жаткан болсо, эртең колунан жетелеп келип камакка салып башташы мүмкүн. Же, “эмне үчүн сен сакал коесуң, эмне үчүн узун кийесиң?” деп тоталитардык түзүлүшкө алып келет. Коңшу өлкөлөрдө эмес, дүйнөдө мындай баалуулук жок”,-дейт Ө.Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: