2018-жылдын 26-август күнү саат 10:09да Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын Карабеков көчөсүндө жайгашкан 2 турак үйдөн өрт чыккан. Жабыркагандар жок. Бул туралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин ККББнан КБП унаасы менен ыкчам топ, КР ӨКМнин Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, КР ӨКМнин Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 11:17де өрт чектөөгө алынып, саат 12:54тө толук өчүрүлгөн. Жалпы аянты 352 м2 күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ