Menu

Чолпон Жакупова, экс-депутат: “Иттер… Түндүктүн жигиттерин 15 жылга соттоп, а түштүктүн жигиттерин айып пул менен коё беришти”

Бөлүшүү:

13-декабрь күнү КР Жогорку кеңешинин экс-депутаты Чолпон Жакупова “Кактус медиа” сайтына Матраимовдордун ММКларды сотко берүүсү боюнча комментарий берип, ал “Даярдана бергиле, көрөсүңөр” деген аталышта жарыяланган.

14-декабрь күнү ал материалды Facebook социалдык тармагына бөлүшүп жатып, Чолпон Жакупова:

“Даярдана бергиле, көрөсүңөр

бастырып тебелегенге… Бечара, аркалыктар” деген комментарий менен коштоп жарыялаган.

17-декабрдын таңында экс-депутат Чолпон Жакупова төмөнкүдөй пост жарыялаган:

“Канчыктар. Ө.Бабановдун мүлкүн камакка алышты, а Раим Миллионго тийишпейт. Түндүктүн жигиттерин 15 жылга соттоп, а түштүктүк жигиттерди айып пул менен коё беришти. Акыйкат кайда, Суке?”

Буга жооп кылып Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов төмөнкүлөрдү жазды:

Чолпон Идиновна, кечээ сиз “аркалыктар, куугунтуктоолорго даярдангыла” деп жазган комментарийиңиздин скриншотун мага салышканда мен ишенген эмесмин. Азыр болсо түштүктүктөр менен түндүктүктөр тууралу булганыч постуңузду таратып жатасыз. Мен муну кантип кабыл алууну билбей турам.”

Андан бир нече саат өткөрүп элчи Эдил Байсалов:

Лондондо таң атты! Кутмандуу таңыңар менен, эл-журт, кандайсыңар? Мен саясый иштерге кийлигише албайм. Бирок элди экиге бөлүп жатканда, унчукпай олтура албайм. Биз бардыгын – жакырчылыкты, уурулукту, кемчонтойлукту жеңсек болот. Бирок чогуу гана. Ал эми башкаларды кантип жашаш керек экендигине үйрөткөндөр, элге баарынан зыян алып келет. Ушуну түшүнүшсө жакшы болот эле, мындай кылууга болбойт. “Эжеке” мени блокко тыгып салды. Элге асылбасынчы, элчиден ага салам айтып койгула”, – деп жазган.

КРнын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловдун баракчасынан алынып, кыргызчаланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: