Menu

Бактыбек Мамытов, диктор: Адамдагы эң бийик асыл сапат адамгерчилик жана жөнөкөйлүк

Бөлүшүү:

– Бактыбек агай, биз билгенден ушул жашка чейинки өтөлгөлүү өмүрүңүздү телевидениеге арнап, айрым алып баруучу журналисттердей болуп ши которуп ар кайсы телеканалдарга барып иштебей, КТРКда эмгектенип келе жатасыз. “Дарак бир жердей көгөрөт” деген накыл сөз сизге жарашып тургандай…

-Туура айтасыз. Өмүрүмдү КТРКга арнадым. Жаш кезде КТРКнын босогосун аттагам. Азыркы күнгө чейин аталган куттуу мекемеде эмгектенип, ушул жерден агарып-көгөруп, ушул жерден бакыт таптым.

– КТРКга байланып иштегениңиздин себеби эмне?

– КТРК мен үчүн ыйык мекеме. Бул жерден эч алыстагым келбейт. Учурунда телеканалды таштап кетүү ой менде деле болгон. Бирок телеканалга болгон сүйүүм күч болгондуктан таштай алган эмесмин.

– Таштап кетүү оюңуз эмне болуп жаралды эле?

– Турмушта ак-кара бирге жүрөт эмеспи. Үйлөнүп, балалуу болуп турмуш түйшүгү башталгандан кийин үй-жайым жок кыйналган учурлар болгон эле. КТРКдан көп акча таап, жакшы жашоо чынында илгери эле оор болчу. Үйүм жок, үйгө кезекке турсам беришпейт. Ачуум келип, КТРКны таштай турган болуп, бирок жогоруда айткандай таштай алган эмесмин. Арызымды жазганга чейин барган элем. Ошентип көп өтпөй эле үч бөлмөлүү үйлүү болгом.

– Мамлекеттик жогорку кызматтарда иште деген сунуштар болду беле?

– Бир-эки жолу болгон. Депутат болбойсуңбу дегендер да болгон. Бирок менин мүнөзүм андайга туура келбейт. Мен саясаттын адамы эмесмин. Менден саясатчы чыкпайт. Ошол себептен андай иштерден алыс болуп келдим.

– Учурда 68 жаштын чайын ичип, дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп турган учуруңуз. Уул-кыз, неберелериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

– Уул-кыздарым үйлөнүп, жайланды. Кудайга шүгүр, өз жашоолоруна тың. Эл катары жаман эмес жашоодо жашап жатышат. 13 небере, 2 чобором бар. Учурда ошолордун кылык-жоруктарына кубанып, сен айткандай кадырлуу карылыктын доорун сүрүп жаткан маалыбыз.

– Чыгармачыл адамдар жаты өтүп баратканда китеп жазууга ашыга башташат эмеспи, чыгармачылык чымындарыңыз китеп жазууга түрткү бербей элеби?

– Албетте, мен дагы ара-чолодо отура калып, эргүү келген учурларда ырга окшотуп бир нерселерди чүргөй коймой жайым бар. Жазып жүргөн ырларымды топ-топ, 60 жылдыгыма карата чакан китебимди чыгаргам. Андан бери В жыл отту. Дагы бир топ ырларды жаздым. Аларды топтоп, дагы бир китеп чыгарып койсомбу деген оюм бар.

– Ишиңизде бут тосуу, көрө албастык деген жаман адаттарга туш болдуңуз беле?

– Албетте, андай нерселер болбой койбойт да. Иш болгон жерде андай жаман адаттар сөзсүз болот. “Ала-Too” маалымат программасында жалпысынан 25 жылдай диктор болуп иштедим. Ошол учурларда көп эле бут тосуулар болду. Бүгүн тамашалашып, сыйлашып жүргөн досторум эртеси мага бут тосуп, ор казганда аябай каман болгом. Алар мени бир эмес, эки жолу дикторлуктан кетиребиз дешип чабуул жасашты. Арасында айрымдары жаман сөздөрдү айтканга чейин барышты. Ой тилектери ишке ашпай, мени алып баруучулуктан кетире алышпады. Кийин кылган иштери туура эмес экенин түүшнгөн соң өздөрү менден уялып, жаман болуп жүрүштү. Мен аларга эч унчуккан эмесмин.

– “Ала-Too” маалымат программасында 25 жыл иштедим дедиңиз, “Арноо” концертин качантан бери алып барып келе жатасыз, экөөнүн айырмачылыгы кандай?

– “Ала-Тоодон” кийин эле “Арноо” концертти алып бара баштагам. Эки редакциянын айырмачылыгы бир топ. Мисалы “Ала-Тоодо” текстти, материалды кабарчылар даярдап келишет. Алып баруучу, диктор даяр текстти окуйсуң. Ал эми “Арноо” концертинде алып баруучу айтылган каалоо-тилекти өзүң даярдайсың. Алып барган текстиме өзүм редактор болуп, жардамчы кыздардын жардамы менен көрсөтүүнү алып барып келебиз.

– Жан дүйнөсү таза, жөнөкөй адамдай көрүнөсүз, адамдагы өзгөчө жакшы сапат кайсы деп эсептейсиз?

– Адамдагы эң бийик сапат адамдын адам экенин далилдөөчү адамгерчилик жана жөнөкөйлүк. Төбөң көккө жетип, асманды чап-чып турсаң да жөнөкөй болсоң, сен анда көп ийгиликтерге жетесиң. Мисалы мен жазуучу, драматург Токтоболот Абдымомуновду абдан сыйлачумун. Ал киши ушунчалык жөнөкөй инсан эле. Экөөбүз бирге чоңойгон теңтуштай сүйлөшчү элек. Кызматтык даражаң артып, маа демектен президент болсоң да жөнөкөй, эл менен, элдин кулу болуп иштесең ошондо сени эл сыйлайт жана эл сага ишенет.

– КТРК сиздин ишиңизди кандай баалады?

– КТРКда иштеп элге таанылдым?. Кайсы жерге барбайын эл арабында сый-урматым жогору. Кучак жайып байкелеп тосуп алышат. Мына ушул мен үчүн баа жеткис бакыт. Ошондой эле КРнын Эмгек сиңирген ишмери деген жогорку наамга ээ болдум. 60 жылдык тоюмда КТРКнын жетекчиси анда Кубат Оторбаев эле, жетекчилик “Мерседес” үлгүсүндөгү машине белек кылышкан. Мындан артык мага сый-урматтын эч кереги жок.

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат!

Айнура Нийматалиева

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: