Menu

Сотто Виктор Янукович көрсөтмө берди

Бөлүшүү:

Бозгундагы мурдагы украин президенти Виктор Янукович Киевдеги соттук териштирүүдө видео байланыш аркылуу көрсөтмө берип, дээрлик үч жыл мурдагы “Евромайдан” окуяларында демонстранттарды атууга буйрук бербегенин билдирди. Бул соттук процессте 2014-жылы демонстранттарга ок чыгарды деп айыпталган “Беркут” атайын бөлүгүнүн беш кызматкеринин иши каралып жатат.

Мурдагы президент Виктор Янукович мамлекеттик чыккынчылык жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү боюнча шектелүүдө. Украинанын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Янукович Орусия президенти Владимир Путинге Украинанын аймагына орусиялык аскерлерди киргизүү боюнча арыз берген. Өлкөнү бүлүндүрө турган иш-аракеттерге шыкакчы болгон.

Видиео байланыш аркылуу көрсөтмө берген Янукович укук коргоо органдары өз режиминде иштегенин айтты. Мурдагы президент жалпы жонунан 10 иш боюнча шектелүүдө.

2013-жылдын соңунда башталган “Евромайдан” демонстрациялары маалында жүздөн ашык адам окко учкан. Бул окуялардан кийин Янукович Орусияга качууга аргасыз болгон. Ал “Евромайдан” окуяларынан бери биринчи жолу сотто көрсөтмө берди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: