Сөз эркиндигин коргоо комитети “Азия Ньюс” гезитин колдоп чыкты. Бул тууралуу аталган комитеттен билдирүү таратышты. Комитет соттун чечимин «учурдагы бийликтин сөз эркиндигин демократиялык башкаруунун бир бөлүгү катары жарыялаган саясатына каршы диверсия» деп атады.
“Бул прецедентти гезитти кыйынчылыкка кептеп, жаптыруу аракети катары кароого болот. Бул болсо сөз эркиндигине ачык басым. Мындай рецидив мурдагы президенттин башкаруу ыкмасы уланып жатканы боюнча баарыбызга эскертүү. Ал эми соттор мындай начар практиканын аткаруучусу болууда”,- деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, саясатчы Акматбек Келдибеков “Азия Ньюс” гезитин сотко берип, 2 миллион сом доого жыккан болчу. Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен аталган гезит айыптуу деп табылган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ