Грециянын Кавала шаарында унаа өтүүчү көпүрө кулап түштү. Бул тууралуу жергиликтүү Kathimerini сайты жазып чыкты.
Маалым болгондой 15 метрлик көпүрөнүн бир нече тилкеси бошоп кеткен. Ал учурда көпүрөдөн 8 дөӊгөлөктүү, 50 тонна салмактагы автокран жана женил унаа өтүп бара жаткан. Жергиликтүү бийлик көпүрө оор жүк ташуучу унаа үчүн эмес, женил унаалар үчүн салынганын билдирген.
Кырсыктан жабыркагандар жок. Бирок кырсыктан улам тыгын жаралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ