Menu

Видео – Аравандын С.Юсупов айылында үгүт жүргүзүп жаткан партия өкүлдөрүнө бычак, кетмен-күрөк көтөргөндөр кол салды

Бөлүшүү:

“20-сентябрь күнү, шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү максатында “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынын Араван району боюнча бөлүмүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ильхом Маннанов башчылыгында, Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын Кашкар маале участогуна барып, шайлоочулар менен жолугушп жатканда кетмен-күрөк жана бычак менен кол салуу болду”, – деп билдирет редакциянын whatsapp социалдык тармактагы куржунуна түндө келген билдирүүдө.

“Партиянын өз алдына койгон максаттарын шайлоочуларга жеткирип, жолугушуу өткөрүп жаткан убакытта, болжол менен айтканда саат 18:40 чамасында, С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Файзуллаевке караштуу бир топ балдар жана анын бир тууган ага инилери Нурулло, Зубайдулло, Зикирулло жана башкалар колунда кетмен, лопатка, бычак жана башка куралдар менен, өзүнүн кыймыл-аракетине жооп бере турган абалында келишип, провакация кылып, ал жерде топтолуп турган элге жана партия мүчөлөрүнө карата өздөрү менен алып келген куралдарын колдонуп, мыкаачылык менен уруп-токмоктоп, аларга оор жаракат келтирип, элдин ичинде ызы-чуу салып, үгүттөө иштерине атайын тоскоолдук жаратып, аларга карата таш атып, көпчүлүк адамдардын денесине оор жаракат келтиришкен. Андан кийин, таяк жеген адамдарга медициналык жардам берүү максатында аларды райборбордук ооруканага жеткирип, аларга даарыгерлер жардам көрсөтүп жаткан мезгилде, ошол эле айыл башчы Ш.Файзуллаевдин баласы жана ага-инилери райборбордук ооруканага номери О 0026 АЕ “Мерседес-Бенц” машинасында келишип, арткы орундуктан жыгач таяктарын жана бычактарын колуна алып чыгып, ал жерде турган партия мүчөлөрүн алып келген куралдары менен уруп-токмоктоп, ал жерде турган машиналарды талкалап, биздин мүчөлөрдүн ден соолугуна жана автомашаналарына олуттуу зыян келтирип, качып кетишкен”, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: