2016-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын 5 бош кызмат орундарына сынактык тандоого арыздарды жана документтерди кабыл алууну аяктады. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Жогорку соттун 5 бош кызмат ордуна сынактык тандоо жарыялаган. Сынактык тандоого арыздар жана документтер 2016-жылдын 21-июнунан 1-июлуна чейин кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ