Menu

Карарган калк кыса баштаса Кашкар Жунушалиев качып кетеби?

Бөлүшүү:

ИИМдин «шумпайлары»… ой «шумкарлары» дейли, «жеп-ичкичтерге» түкүргөн, Акүйдүн астынан элдин канын соргон 5500 сомдук айып пулду жектеген Рамис аттуу жигиттин акциясына бүлүк түшүп калышты. Мындайда алеки саатта кармап келишип, жазага тартып ийгенге маш. Ал эми чырактай болгон Камила Дүйшөбаеванын бейкүнөө өлүмүн иликтей алышпай, канча жылдан бери киши өлтүргүчтү «талаадан» издеп келишет. Бул бир гана мисал да.

Бир карасаң ИИМде реформа жүрүп аткандай пиар кылышат. А реалдуу жашоодо эч кандай жылыштарды байкаган жокпуз. Болгону жаңы жылда ичип алган 15 айдоочуну кармашып, ошону бүт Кыргызстанга жар салышты. Олчойгон айып пулдарды төлөтүшкөнүнө эрдемсишип. Ал эми уюшкан кылмыштуулуктун күчөп баратканы боюнча эмнеге ооз ачышпайт? Өздөрү камыр-жумур болуп кетишкенби?.. «Коопсуз шаардын» ишке ашуусунан болсо дайын жок. Болгону бакылдаган сөз гана айтылып келатат.

Жаздан тарта экономикалык-социалдык көйгөйлөрдүн ириңи жарылып, жер-жерлерде митинг, пикеттер башталары боюнча коңгуроо кагылууда. Буга чейин кен байлыктарына болгон нааразычылык акциялар, кытай жарандарына каршьшык көрсөтүү, элдин канын соргон «түкүрүк» үчүн чатактар чыга баштады го? Эң башкысы, өкмөт элдин жашоосуна шарт түзмөк түгүл ар кандай шалаакылыгы, иш көзүн билбеген кыянатчылыгы үчүн сынга кабылып, дал ушундай кесепеттердин натыйжасынан жалпы турмуш начарлап, жабыла көчөгө чыгып кыйкыруу мезгили келатат окшойт. ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев коомдук-коопсуздук кырдаалды көзөмөлгө ала албай, жайга жетпей министрликтен ыргып кетпейби? Карарган калк кыса баштаса качып кетпейби? Анүстүнө бир канча саясый күчтөрдүн көйгөйлөрү да жазга карай татаалдашып, ырбап жүрбөсүн? Бул да өзүнчө чоң суроо. Ал эми министр Жунушалиев саясый суроолорго жооп бере алмак турсун, күнүмдүк көйгөйлөрдөгү «бытовой вопросгорго» баш катыра отурганы жалганбы?..

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: