Menu

Конституциялык палата Баш мыйзамды өзгөртүүдө эреже бузуу тапкан жок

Бөлүшүү:

Конституциялык палатанын соттору өзгөртүү киргизилип жаткан Баш мыйзамда эреже бузуулар жок экенин билдирди. Чечим 11-октябрда чыгарылды. Палатадагы 11 судьянын ону аны колдоп, бирөө гана “өзгөчө пикирде” калганы кабарланды. Бирок ал ким жана кандай пикир экени маалымдалган жок.

2016-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңеш референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Документке 94 депутат “макул”, 11 депутат “каршы” добушун берген.

Мыйзам долбоорун 90 эл өкүлү демилгелеген. Бийлик сунуштап жаткан Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өтөрү айтылууда. Азыр тийиштүү мыйзамдар талкууланып жатат.

Жарандык активисттер жана оппозициядагы саясатчылар Конституцияны өзгөртүү – бийликтин ыйгарым укуктарын бекемдерин белгилеп, ага каршы болуп жатышат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: