Бүгүн, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен “Чоң казат”, “Реформа”, “Мекенчил”, “Социал-демократтардын” тарапкерлери Ала-Тоо аянтына мөөнөтсүз митингге чыгышты.
Митингчилер өз демилгелери менен түшкү тамактануу үчүн акча чогулта башташты.
“Чоң казаттан” талапкер Сыймык Жапыкеев элди эч жакка кетпөөгө, суусундук, тамак-аш алуу үчүн акча чогултууну сунуштады.
“Өз жаныбызды өзүбүз багабыз. 10 сомдон болсо да таштагыла. Азы суу, тамак-аш алабыз” – деди Сыймык Жапыкеев.
Митингдин катышуучулары 500, 200, 100, 50, 20 сомдон чогултуп, жалпысынан 56 миң сом топтолду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ