Menu

Саналуу топтун эмес, жалпы элдин камын ойлогон жетекчиге муктаждык күч

Бөлүшүү:

Элеттеги турмуш – шарттын оңолушу мамлекеттин өнүгүшунүн башаты. Андыктан, 65% калкыбыз жашаган айыл аймактарынын маселелерин чечүү андагы жетекчилердин иш билгилигине байланыштуу. Бирок, кадр маселесине келгенде, айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлап жатышат. Саналуу топтун тандаган өкүлдөрүнүн  иштермандары барган жерин гүлдөтүшсө,  кайдыгерлери калк камы дегенде камсанап дагы коюшпайт. Мындай пикирлерин билдирген Ош областынын тургундары ЖК вице-спикери Д.Төлөнов баштаган депутттар: К.Бокоев, К.Зулушев, Э.Токтошев, Б.Ибраимжанов менен болгон бүгүнкү, 22-марттагы Ош шаарында өткөн парламенттик угууда билдиришти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Иш чаранын негизги максаты  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү эл менен бирге талкуулоо болчу. Мыйзам демилгечиси К.Бокоевдин айтымында, Жергиликтүү кеңештердин төрагалары айлык маяна алып иштеши керек. Болбосо, аларды жыйындарга чакырууда башка депутаттардай эле издеп убара тартакан учурлар жолугат. Эмгек акы төлөнсө, жоопкерчилик дагы күчөтүлмөк,- деген депутат каражат маселеси жергиликтүү бюджеттен чечилерин билдирди.

“Айылдык кеңештерди да шаардык кенештер сыяктуу эле партиялык система аркылуу тандап алса, анда гендердик маселе автоматтык шартта чечилет. Шайлоого катышып жаткан талапкерлер күрөөгө коё турган сумманы адеп 30 миң сом деп сунуштаганбыз. Элдин пикирлерин угуп көрүп, бул көрсөтүчтү 10 мин сомго ылдыйлатса болот деген жагдайды мыйзамды экинчи окууга даярдап жатканда эске алалы,- дедик”,- дейт депутат.

Ошондой эле ал муниципиалдык кызматтагыларга каралган класстык чиндердин жолго коюлушу зарылдыгында кошумчалады. Айыл өкмөт башчылыгына, мэрия жетекчилигине барып жаткан талапкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү дееген да шарттар талкуунун негизги бөлүгүн түздү.

Депутат Курманкул  Зулушев ,- “Калкты ичүүчү суу менен жабдуу, канализация, таштандыларды тазалоо, жолдордун абалын оңдоо сыяктуу кызматтар элет жерлеринде дагы эл канаатангандай жүргүзулүшү керек. Мындай негизи суроолордун элдин кызыкчылыгына дал келгилей чечүү үчүн жергиликтүү бийликтин жетекчилеринин кесипкөй болушу шарт. Аларды ошого карап тандап, шайлап алууда бир гана депутаттар эле эмес, элдин түздөн-түз катышуусу да зарыл. Демек, айыл өкмөт башчыларын эл шайласын деген демилгени колдойм”,- деп билдирди.

Айыл өкмөт башчылыгына келүүдө гендер маселеси да ойлонууну талап кылат деген элдин пикири да ортого салынды. Биометрикалык маалыматтар боюнча так эместиктер боюнча да шайлоочуларды камтама кылган жагдайлар бар экендиги белгилүу болду.

Бул багытта депутат Болотбек Ибраимжанов түшүндүрмө берип, шайлоочулардын тизмеси шайлоого 75 күн калганда БШКга жөнөтүлөөрүн билдирип, ал эми негизги добуш берүүгө 1 айлык мөөнөт калганда такталып, жарыялана тургандыгын билдирди.

Парламенттик угууга калктын саналуу гана бөлүгү келгендиктен, депутат К.Бокоев Ош шаарындагы жаштар  менен жолугушуп, алар менен бирге шаардын көчөлөрүн аралап жергиликтүү тургундар менен сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча пикир алышты. Сурамжылоого катышкандар дагы айыл өкмөт башчыларын түз шайлоону колдой тургандыктарын айтышты.

Парламенттик угуу  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети тарабынан уюштурулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: