Menu

Замира Сыдыкова, журналист: “Атамбаев, биздин эл – кадырман, кечиримдүү, өкүнүп, мойнуна алсаң эл сени кечирет…”

Бөлүшүү:

“Менин сөзүмдү эч ким бөлбөйт, токтото алышпайт”- деген жаман үмүттө байлык менен бийлигине ишенип алган наадан Атамбаевди качанкыга чейин баш көтөрбөй ооз ачып угуп отура беребиз?! “Убагында ойноп алсын деп ага көп маани бербей, көңүл бурбай жүргөнмүн. Мен Акаевтин тушунда абакта да отурдум, жарым миллион айып пулун да төлөп бергенмин. Азыркы жаш журналисттер от менен ойношсо да мынчалык деңгээлге жетет деп ойлошпосо керек. 2 миллион, 5 миллион, эми болсо 10 миллион. Кеп акчада деле эмес. Темирлан Ормуковду “Фейсбук” баракчасындагы жазган посту үчүн суракка чакырышканда көпчүлүк сестенип калды.

Акыбал чатак. Президент эми эле оозун ачканда “балп” эттире ак ит кирип кайра кара ит чыгып жатат. Баарына тегиз оройлонуп, арызданып, жемелеп, жамандап бүтпөй койду. Тилинин заары акылынан адашып, айнып кал­ган адамдай. Эгерде мурда анын атынан Башкы Прокуратура журналисттерди жазган макалалары үчүн сотко берсе, эми болсо эки тарап акыйнек айтышмайга өтүп алышты. Булардын акыйнеги жаш бөбөктөрдүн “сен жинди” десе “өзүң жинди” сыяктуу оюнуна айланды.

Мен “Ата-Мекен” партиясын мактайын деген жокмун. Бирок, ал партияны “сасык”- деп айтуу бул президенттин аша чапкандыгы. Алмаз Шаршенович, сиз катуу кетип жатасыз!

Айтайын дегеним, Алмаз Шар­шенович, жалган айтканды жана оройлукту качан токтотосуз? Эл алдында сиз үчүн уялып бүттүк. Кебетеңиз оорулуудай жаман.

Владимир Владимировичке баары бир да, ошон үчүн шылдындап жатат. Ага жыргал. Сиз канчалык шылдыңда калып, маскарапоз болбоңуз, кыргыз эли ошончолук ага үмүтүн артып атат. Анан кимден үмүт этели? Текебаевкеби? Анын бир кварталдык бюджеттин дефицитин жапканга да акчасы жок.

2010-жылы тизе бүгүп калган мамлекетти көтөрөм деп сөз бергенсиз. Кошуна мамлекеттердин президенттерине ызырынып, алардын жардамысыз оокат кылабыз дегенсиз. Эми эмне болду? Путинге өзүнүз тизе бүгүп жыгылгансыз. Эмгек мигранттарын Россиядан кууп чыкпаш үчүн кыргыз журтчулугун Кудайга жалынгандай Путинге жалындыргансыз. Биздин өндүрүшчүлөрүбүздүн товарларын чек арадан өткөрбөй жатат деп Назарбаевке доо кылып жатасыз. Бизге жардам бербей жатат, Казакстандык министрлер укпай жатат деп Назарбаевке догурунганыңыз догурунган. А эмне, бизге кошуналар карызбы? Сизди Отунбаева эмес Путин менен Назарбаев Кыргызстанды башкар деп жалдырап көндүрүшкөн окшойт?

Сиз үчүн уялып жатабыз, тагырагы, эл алдында кыргыз журтчулугу, өзүбүз уят болдук. Биздин падыша жомокто айтылгандай жыланач гана эмес, билип туруп жыланачтыгын мактанып шылдынга калды. Атасы уялбаган, кызы уялмак беле.

Соцтармакта жана ашканаларда отургандар Атамбаевтин айтканынан терең ойду, иш- аракеттеринен саясий оюндарды издебей эле койгула. Ал биздин үстүбүздөн күлгөнү күлгөн. Бир нерсени айтып алып “саясат таануучулар менен жалган-эксперттер мындан эмнени табышаар экен?” – деп мылжыңдап өзүнчө бизди шылдындап күлүп отурат. А биз болсо терең ойлонуп, маани-манызын изилдеп киребиз. “Парламентти таратыш керек”-десе мунун артында кандай ойлор турат, тараса качан тарайт, “саясатта калам” десе башыбызды тырмап “демек, КСДПдан премьер-министр болот окшойт”- деп мээ чиритебиз. Кечээги үзөңгүлөшү болгон президент­тин пландарын бүгүн чечмелей албай Текебаев да байкабай мунун “мышык-чычкан” оюнуна кокус кошулуп алды, эми болсо отурат түрмөдөн каттарды жазып коюп.

Өмүрбек Чиркешевичке боор ооруйт. Түрмөдө отуруу – бул курортто эс алуу эмес. Эгерде ушундай абал улана берсе анда “мээ ордунда болбой калат”, же аныкы же биздики. Айткылачы, Жогорку Кеңештеги кесиптештерине эмнеге ыраазычылык билдирет? Түрмөдө отурганда келгени үчүнбү? Э, алар Текебаев-Атамбаев кармашын кол чаап колдоп-коштоп турушкан го. СИЗОго мүмкүн “Текебаев чын эле отурабы”-деп текшерип барышкандыр же болбосо “бул жака непадам келип калсак” – деген коркунуч менен жашоо-шартты көргөнү баргандыр.

2.

Чынын айтсам, өлкөдө мындай кырдаал болот деп күткөн эмесмин. 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдер жеңилгенде башкаларга салыштырмалуу мен “калпакты асманга ыргытып сүйүнбөдүм”. Ал күндөрдү эстегиле. Ал кандуу революцияны кантип кылганын Атам­баев өзү айтып берген.

“Эки революциянын тең лидери Атамбаев болгон. Эсиңерде болсо керек, 2005-жылы “Ак үйдү” алган колонна да, 2010-жылы нааразы болгон жарандар да кайда чогулушту эле? “Форум” имаратынын алдында”- деп өзү айткан.

Атамбаев өзү айткандай, андан ары миллиондорду бөлүшмөй, банк ячейкаларын тоноо жана кадрдык башаламандыктар болгон. Теке­баев берген бир интервьюсунда ушунун баарын жамааттын жоопкерчиликсиздиги деп мүнөздөгөн. Кийин түштүктөгү улуттар аралык уруш чыккан. Атамбаев негедир бул боюнча унчукпайт. Мүмкүн, өлкөнүн түштүгүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комис­сия түзүү боюнча Отунбаеванын 2010-жылдын 23-апрелиндеги №170-токтому бар үчүн унчукпай жаткандыр? Ал токтом боюнча Атамбаевке ишти координациялоо вазийпасы жүктөлгөн болчу. Кантсе да улуттар аралык уруш чыкты. Кандуу уруш болду. Ошол кандуу окуялардагы Убактылуу Өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин жазган үчүн менин жаш кесиптешим Дайырбек Орунбековту Баш­кы прокуратура эки жылдан бери соттон сотко сүйрөп жүрөт. Кийин алар түштүктү калыбына келтирүү “аракеттерин” көрүштү эле, ал аракеттер “катуу” болгон экен, жыйынтыгында азыркы убакка чейин акча каражаты каякка канча кеткенин санай албай, гумжардам кимдин короосуна кирип кеткенин таппай жүрүшөт.

Улуттар аралык уруш түштүктө басыла электе “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып Конститутцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп, өткөөл мезгилдин жалган президентин шайлашты. Бул боюн­ча Атамбаев былтыр 31-августта жарыялады.

3.

Ким кимди алдап жатат? Менимче, акыркы бир жыл ичинде бир эле нерсени кайра-кайра кайталай берип Атамбаев» өзүн өзү алдап жаткандай. “Өлкө үчүн бир нерселерди жасадым, иштешиме мени көрө албагандар жолтоо болуп жатат”- деп өзүн өзү соороткондой түр көрсөтөт.

Анын бир нече долбоорлору бар эле. Бул – өз партиясын бекемдөө, коррупция менен күрөшүү жана ЕАЭСке кирүү.

КСДП партиясы өткөн шайлоолордо араң гана 27,4 % добуш алган. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо аларды та­кыр эле эл шайлабай койду. Ошол жергиликтүү шайлоолорду жана андан кийинки окуяларды монито­ринг жүргүзгөн Рита Карасартова февраль айында өз оюн “24.kg” сайтына билдирген. Анда, жергиликтүү кеңештердин депутаттары КСДП партиясынан шаарлардын мэрлигине аттанган талапкерлерге добуш берүүдөн баш тартканы жөнүндө айтылган. Партия лидери Атам­баев менен макулдашуу үчүн бир аз убакытка созулган ойлонуудан кийин “жалган айтты” деген шылтоо менен Рита Карасартованы со­тко беришти.

Аймактардагы тирешүүнүн күч алышы бул бийликтеги партиянын ичинде араздашуулар пайда болгондугунун бир мисалы. Жо­горку Кеңешти таратуу боюнча Атамбаев бекеринен сөз баштаган жок. Парламенттеги азыркы абал Атамбаевтин бийлиги бекем эмес экенинен жана президенттик тактан түшкөндөн кийин алар ажого бел-арка боло албай турганынын белгиси.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Баки­ев учурунда “ак-жолчулардын” алдыңкысы болгонун эске салалы. Иса Өмүркуловко болсо кылмыш иши ачылган, ошондуктан ал мэрликтен кетүүгө мажбур болгон. Төрөбай Зулпукаров дегени да кылмышы үчүн темир тордун артында отуруп келген. КСДПчы Музаффар Исаковко болсо жер сатуу боюнча кылмыш иши ачылды. Дастан Бекешов менен Ирина Карамушкина апендилигинен журналисттер ме­нен соцтармак колдонуучуларын өздөрүнө душман кылып алышты.

Парламенттеги башка партияларды болсо “таратам” – деп коркута албайсың. Алардын ар биринин президент болчу талапкери бар. Алар өз келечеги Атамбаевтен эмес шайлоодогу жеңиштен көз каранды экенин жакшы тушүнүшөт.

Жогорку Кенешти таратуу бир гана Атамбаевке керек. Анткени ал саясаттан кетпешин билдирбедиби. Биздин өлкөдө саясаттан же түрмөгө же “көчүккө жеп өлкөдөн качуу” керектигин унутуп калган окшойт.

4.

Коррупция менен күрөш тандалма жүргүзүлгөн. Башынан эле “кыйынсынган” Нариман Түлеевди элге жар салып түрмөгө отургузду. Ал киши президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Эл арасында абдан таанымал инсан. Эми болсо кезек Текебаевте. Баардыгы саясий мазмундагы мүнөздө болуп жатат. Бүгүнкү күнү коррупционерлерге караганда саясий куугунтуктун айынан абакта отургандар көп.

Бул багытта сот системасында реформа жүргүзүү негизги болуш керек эле. Бул тууралу китептерде да жазылган. Коррупция менен күрөш эмнеден башталаарын жада калса юрфактын студенти да жак­шы билет.

Атамбаевтин колунан да эч нерсе келбеди. Президенттин бүгүнкү күндөгү эң жакын адамы Бишкек мэри Албек Ибраимов да гектарлаган жерди сатып алып кийинчерээк аны Атамбаевке саткан аялынын колундагы миллиондордун кайдан келгенин далилдей албады.

Алмаз Шаршеновичке менин мындай суроом бар: бала-бакчадан баштап мамлекеттик кызматтарга чейин дагы деле чоң көлөмдөгү көмүскө акча чогултмайлар бар экенин билесизби? Көчөдөгү МАИ кызматкерлерине көбүрөөк акча карматсацң ашкан тыйынды кайтарып бергенин уктунуз беле?

Камаш керек, бирок бул системаны өзгөртпөйт. Өз жумушун жоготуп алуудан корккон чиновник батыраак жана көбүрөөк “жеп калайын” деп шашат.

5.

Мен Атамбаевтин кеңешчиси Фарид Ниязовдун жазгандарын көңүл коюп окудум. Байкашымча ал өзүн масс-медиа тармагында чыныгы адис катары ойлойт экен. Мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүндө малыматтын ордун жана аткарган ролун терең чечмелегенге аракет кылыптыр. Өзүнүн “шефинин” каршылаштарын айтып жатып “өзүң жинди” дегенден алыстай албаптыр.

Мен башында айткандай эле, Акаевти “жамандаганым” жана “капа кылганым” үчүн компенса­ция да төлөдүм, түрмөсүндө да от­урдум. А сиз, Фарид Аблезимович, иштеп жатып менин гезитимди окуп, арасынан ошондогу шефиңиз Аскар Акаевич мени сотко бере турган сөздөрдү издегенсиз.

“Садыркуловту өлтүргөндө, Сыргак Абдылдаевти бычактаганда, Павлюкту алдап алып барып өлтүргөндө” биз унчукпасак сиз дагы мен түрмөдө отурганда тамак ташыган эмессиз. Ошол кездеги оп­позиция партиясынын лидери, мени жакшы тааныган Алмаз Шаршенович дагы “акаевтик режим сөз эркиндигин басынтып жатат” деп бир да сөз айткан эмес.

ММКларды сотко берген шефин чаң жугузбай актап жаткан Фарид Ниязов журналисттердин жоопкерчиликтүү болушун айтыптыр. Автор жазгандай: “Эми, маалыматтын өнүгүшүнүн жаңы этабында тиги же бул маалымат фейк экендигин ар бир саясатчы жана мамлекеттик кызматкер сотто далилдеши маанилүү, ошондо коом бул нерсе чындыкка дал келбегенин биле жүрөт”.

Көз карандысыз соттук система болгондо гана бул нерсенин баары жарашмак. А бизде президенттин администрациясынан телефон чалгандан кийин соттор чечим кабыл алып жатышпайбы. Ал эми чындыкты эл өзү журналисттин жардымысыз эле көрүп билип турат.

“Эл тарабынан шайланган” деп миң жолу айтылса да падышанын жылаңач экенин эл өз көзү менен көрүп турат. Аны 2011-жылы эл президент кылып шайлаган. Ал эми 6 жыл ичинде элдин ишеничин актай албаса мында ММКлардын кыпындай да күнөөсү жок. “Өзү билип, өзү кетээр”-деген тилекте эл унчукпай жатат.

Эл аралык коомчулуктун алдында Атамбаевтин айласын кетирип жатышат дегенге биз жолукан Европарламенттин депутаты “биз кем акыл эмеспиз”- деп жооп берди.

Кем акылдар жок арабызда. Атамбаевтин кетээр алдында кылган кылыктары – бул ал ишенген адамдардын кемчиликтери, аппаратынын катачылыгы. Кайсы кемчонтой ага бүт дүйнө жүзү менен урушсун деп акыл үйрөтүп жатат?

Эгерде эшикти катуу жаап, баркталбай таарынып өлкөдөн кетсе бир жөн эле. Канткен күндө да туура жолду тандап, өз өлкөсүндө кала турган болсо анда өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алган жакшы. Буга жакшы мисал:Россия Федерациясынын президенти Борис Николаевич Ель­цин. Биздин “эл тарабынан шайлангандар” кетээр алдында каталарын өз мойнуна алганды үйрөнүшпөсө өсүш эч качан болбойт.

Биздин эл – кадырман, кечиримдүү. Өкүнүп, мойнуңа алсаң, эл сени кечирет. Өкүнүп элге таазим кылгыла деп мен Акаевке да, Бакиевке да кеңеш берет элем. Отунбаевага да.

Замира СЫДЫКОВА “Республика” сайтынан кыргызчаланды

Булак:”Майдан.кg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: