Menu

Өзбекстан менен автобус каттамын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Анын айтуусунда Ош-Кокон, Ош-Фергана, Ош-Анжиян, Жалал-Абад, Кызыл-Кыяга автобустардын байланышын калыбына келтирүү маселеси 25-декабрда кыргыз делегациясынын Ташкенттеги сапарында талкууланды.

Темирбаев келерки жылы жазга жуук Ташкент-Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы ачыла турганын кошумчалады.

– Макулдашууга ылайык жумасына бир жолу Ташкент-Балыкчы багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезди каттай баштайт, – деди ал.

23-декабрдан тартып “Air Manas” компаниясы жумасына эки жолу Бишкек-Ташкент багыты боюнча учак жибере баштады. Ошондой эле бул күнү Ош-Ташкент багыты боюнча учак каттай баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: