Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна Улуттук банктын кирешесинен алынган каражат жумшалат. Улуттук банк 2015-жылы интервенция жүргүзүү натыйжасында 900 млн сом өлчөмүндө киреше таап, мамлекеттик бюджетке которгон. Бул тууралуу парламенттеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде өкмөттүн 2015-жылдагы иши тууралуу отчет угулуп жатканда белгилүү болгонун ЖКнын басма сөз кызматы билдирди
Ал эми транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров жолдун курулушуна аэробекет жыйымдарынан түшкөн каражаттан тышкары, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан «Манас» аэропорту үчүн каралган 754 млн сом дагы жумшалып, «Манас» аэропортунун жабдуулары жапон грантынын эсебинен жаӊыртыла турганын айтты.
Ал эми каржы министринин орун басары Алмаз Азимовдун айтымында, өкмөт жакын арада 2016-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүү киргизип, «Альфа Телеком» ишканасын сатуудан түшкөн каражатты жол курулушуна жумшоону пландаштырууда. «Альфа Телеком» ишканасы ушул жылдын май айында сатыкка чыгарылышы мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ