Menu

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик жарандык кызматкерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге педагогикалык, илимий же башка чыгармачылык ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү айрым ченемдерди тактоо максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктунда каралган мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктарын ыктыярдуу патенттин негизинде иш алып барууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: