Menu

Россияда өткөн Евразиялык экономикалык кеңеште Кытай жана Иран менен экономикалык катнаштын милдеттүүлүгү тууралу чечим кабыл алынды

Бөлүшүү:

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы менен, 2018-жылдын 17-майындагы бир тараптан Евразиялык экономикалык биримдик, анын мүчө-мамлекеттери жана экинчи тараптан  Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган Убактылуу макулдашууга  тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошондой эле 2018-жылдын 17-майында бир тараптан Евразиялык экономикалык биримдик, анын мүчө-мамлекеттери жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түзүлгөн соода-экономикалык кызматташтык туурасында Макулдашууну күчүнө киргизүү жөнүндө Чечим  кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү чечимдер кабыл алынды:

1.Евразиялык экономикалык биримдиктин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун калыптандыруу жөнүндө.

2.Евразиялык экономикалык биримдиктин 2019-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө.

3.Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2015-жылдын 8-майындагы № 13 — Чечимин ишке ашыруу жөнүндө.

4.Трансчекаралык рыноктогу атаандаштыктын 2017-жылдагы абалы жана андагы жалпы атаандаштык тартиптерин бузууларга тыюу салуу чаралары боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын жылдык отчёту жөнүндө.

5.Жер планетасына аралыктан байкоо салуудагы улуттук маалыматтар булактарына негизделген космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү тармагында Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө.

6.Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына тышкы аудит (контроль) жүргүзүүнүн 2017-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө. Евразиялык экономикалык биримдиктин 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы туурасындагы отчет жөнүндө. Евразиялык экономикалык биримдиктин 2019-жылга карата бюджети жөнүндө.

7.Чарбалык субъектер Евразиялык экономикалык биримдиктин Сотуна кайрылганда төлөй турган алымынын көлөмүн бекитүү жөнүндө.

8.«Евразиялык экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы жөнүндө.

9.Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык жөнүндө.

10.Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын 2019-жылдын май айында өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: