Бүгүн, 5-декабрь күнү Бишкек шаарында троллейбус менен жеңил автоунаасы бетме-бет сүзүштү. Жол кырсыктын натыйжасында, эркек киши каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
№17 троллейбус саат 6:55те Юнусалиев көчөсүндө түндүктү карай жүрүп бара жаткан. Суванбердиев көчөсү менен кесилишкен жерде троллейбус менен жеңил автоунаа бетме-бет кагылышкан.
Жеңил машинанын айдоочусу ошол жерден каза болду. Ал эми, троллейбустун айдоочусу ооруканага жеткирилди.
Бишкек троллейбустук башкармалыгы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, жол кыймылын калыбына келтирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ