Menu

“Кыргыз элинде экинчи Атамбаевдей адам туулбасын”

Бөлүшүү:

-Атамбаедин: “мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун” деген талабына көз карашыңыз?

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Алмазбек Атамбаев түрмөдөн сабак албаптыр”

– УКМКнын СИЗОсунда күн өткөрүп жаткан мурдагы президент кеңири убакыттан пайдаланып, өткөн-кеткен окуяларды терең талдап, керектүү жыйынтыктарды чыгарат го деген үмүт бар эле. Бирок, тилекке каршы, Атамбаев эч өзгөрбөптүр. Кой-Таш кайгылуу окуясынан кийин Ирина Карамушкина баш болуп кирип чыгышкан тарапкерлери анын эрки майышпаганын, көңүлү көтөрүңкү экенин коомчулукка жар салышкан. Сыртта ок жеп каза болгон спецназдын кызматкеринин үй-бүлө, туугандары кан жутуп, апасы “кыргыз элинде экинчи Атамбаевдей адам туулбасын!”- деп каргап жатса, аны менен иши жок, Атамбаевдин көңүлү “көтөрүңкү” экен. Карамушкина баштаган аялдар тобу экинчи жолу, өткөн айда, дагы кирип чыгып: “Атамбаев спорт менен машыгып жатат” деп коомчулукка “сүйүнчүлөштү”. Өмүр жана кызмат жолунда миңдеген ирет ойлобой балп эткенди мыкты өздөштүргөн Атамбаев эми жакында коомчулуктун эсин дагы оодарды. Ал “бардык жазага мен өзүм даярмын, бийлик менин тарапташтарымды камактан чыгарсын”- деген талабын койду. Бул талап “көңүлү көтөрүңкү” же “спорт менен машыгуу” темасында эмес. Бул талап – Атамбаевдин мыйзамды тебелеп-тепселеп, мамлекеттик маселелерди “өзүм билемдик”, мыйзам чегинен тышкары чечип көнгөнүнүн кезектеги далили. Ушул жерден эске сала кетели. Өткөн жылы Атамбаев “Апрель” телеканалына маек берип: “мен мыйзамды карабай эле Өмүрбек Текебаевди каматпай, соттотпой койсом болмок экен”- деген эле. Буга жооп кылып, бир жыл мурда, 24-ноябрда, Элдик Курултайдын жыйынында “легендарлуу” парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов Атамбаевдин ал маектеги сөзүн СССРдин 1937-38 жылдардагы башкы прокурору Вышинскийдин сөзүнө салыштырган. Ал прокурор; “эл душмандарына карата мыйзамды карабай эле бизге керектүү чечимдерди чыгара берсек болот” деген сөзү, ага жараша иши менен тарыхта калган. Мына эми, Атамбаев ошондой көнгөн түшүнүгүнө таянып, “тарапташтарымды камактан бошоткула!”- деп жатат. Ким бошотот? Президент Сооронбай Жээнбековбу? Же спикер Дастан Жумабековбу? Алардын камактагыларды бошотуп салганга укуктары барбы? Тергөөчүлөр жүргүзүп жаткан кылмыш иштери, мамлекеттик жана коомдук комиссиялардын иликтөөлөрү эмне болот? Көрсө, Атамбаевдин түшүнүгүндө Кой-Таш окуясы боюнча мыйзамды аттап-буттап өтүп эле, саясый чечим чыгарып салыш керек экен! Мына, өлкөнү алты жыл башкарган президенттин деңгээли, ой-жүгүртүүсү. Ал түрмөдө жатып эч сабак албаганын өзү коомчулукка таамай тастыктап берди.

Адил Турдукулов, жарандык активист: “Атамбаев активдүү саясатчы экенин көрсөттү”

– Бул кайрылуусу менен Атамбаев саясаттан кетпегенин, камакта болсо дагы активдүү саясатчы экенин көрсөтүп жатат. Ошондой эле саясий күрөшкө даяр экенин да билгизет. “Мени камап, менден башкаларын чыгаргыла” дегени тарапташтарына “сынбагыла, мен дагы деле бийликке сес көрсөтөм, аягына чейин күрөшөм”- дегенди билгизет.

Уран Рыскулов, укук коргоочу: “Арзан шоу”

– Бул саясий шоу. Атамбаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болду. Тарапташтарын коргомуш болуп, “мени кама” дегени арзан шоу болуп калды. Башкача айтканда, өзүн жакшы көрсөтүштүн жолу десек болот.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Атамбаев мындай билдирүүнү камала электе айтса болмок”

– Атамбаевдин бул кайрылуусу кеч болуп калды. Мындай билдирүүнү камала электе айтышы керек эле. Тергөөдөн качпай, болгонун, болбогонун ошондо айтса болмок. Эми болбой калды, тарапташтары да жасаган иштерин айта баштады. Алар да мойнуна алды көп нерселерди.

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Атамбаев ал адатты унутушу керек”

– Ал маселени сот мыйзамдын гана талабына ылайык чечиши керек. Президент Жээнбековдун да, экс-президент Атамбаевдин да сотко кийлигишүүсү мыйзамдуулукка карама-каршы келет. Атамбаев өзү сотторго жеке буйрук берип, каалагандай өкүм чыгартчу. Ал адатты унутуш керек, толук кандуу мамлекет курабыз десек.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Атамбаев бир жыл мурда ушуну айтып чыкса, салмактуу угулмак”

– Эске ала тургандай деле кайрылуу эмес го дейм, учурлаштыгы жок, маанисин жоготуп койгон да эбак эле мындай сөз. Бир жыл мурда айтып чыкса болмок, салмактуу угулмак.

Ыргалай Бекмуратова, “Мээр жазы” уюмунун башчысы: Атамбаевдин кайрылуусу эске алынса, мыйзамды бузган болобуз”

– Анын кайрылуусун эске алынса, мыйзамды бузган болобуз. Ким кылмыш кылса ошол адам мойну менен тартыш керек. Эгерде Атамбаевдин жалгыз күнөөнү мойнуна алып калгандарды бошотсо, баардык элдер эле кылмышты жасап алып бир байкушка шылтап кылмыштуулук күч алып, бей бечаралардын шору куруйт. Ошон үчүн ким кылмыш кылса өзү жазасын алышы керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: