Menu

Алмазбек Токторов, ЖКнын депутаты: “Казактар жок контрабанданы шылтоолошуп, депутат Дамирбек Асылбек уулун ак жеринен камашкан”

Бөлүшүү:

– Алмазбек Сатиевич, Казакстанда соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланып, Жогорку сот Алматы сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Казактар тарабынан Дамирбек Асылбек уулуна туура эмес чечим болгон. Өзү контрабанда деген жок нерсе. Юридически жок. Азыр чек аралар ачылган, бажылык досмотр деген жок. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, жумушчу күчү эркин айланат. Тигилер болсо «контрабанда» деген берене менен камап атышат. Бул бир. Экинчиси, «контрабанда менен шугулданган топ» деп камалгандардын баарын чыгарып ийишти. Азыр бир да абакта отурган казакстандык жок.

– Бул чын маалыматпы?

– Ооба, баардыгы чыгып кеткен. Биздин жаранды гана кармап отурушту. Себеби, ЖМКларда «кылмыштуу чоң топ кармалды» деп аябай сенсация болуп, артка кайта албай калышты. Биздин укук коргоо органдарынын берген кагаздарынын баарында «товарлар пошлиналары төлөнгөн, контрабанда эмес, биздин эч кандай дооматыбыз жок» деп айтылган болчу. Бирок, казактын соту ал дооматтарды эске алган жок. Кыргызстанга экстрадицияланганы туура эле болду. Эми Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап көрсө болот.

– Эгер биздин соттор чыгарып ийсе, эл аралык чыр чыкпайбы?

– Ооба, экстрадициянын белгилүү бир шарттары бар. Казак кошуналар биздин Жогорку сотубуз чечим чыгаргандан кийин «силер актап ийдиңер» деп нааразы болушу мүмкүн. Бирок, бул жерде кеп адамдын тагдыры тууралуу болуп жатпайбы. Дамирбек Асылбек уулу ак жеринен камалып атса… Ар бир адамдын баасы бар да. Биздин мамлекеттик органдар кагаздарды берсе, ошону эске албай чечим чыгарып атса, бул дагы туура эмес да. Эки өлкөнүн мамилеси – бул бир маселе. Бирок, адамдын тагдыры андан бийик турат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: