Menu

Акаев Кыргызстанга келүүгө камынууда…

Бөлүшүү:

Атамбаев чындап эле саясий элитанын канатын калп сындырып, мыйзамды бузууда чындап эле диктатура орнотконбу же мурдагы ич күптүсү арбын саясий тараптардын өлкөгө кайтуу аракетиби? Айтор, элдин ал кездеги талаптарын эске албаган экстердин бир тобу азыркы бийликти эле мактап, качкандар келүүгө, соттолгону акталууга, жегендер таптаза болууга аракет кылып аткандай көрүнөт. Атамбаев ажолукту өткөрүп берээри менен “саясий туткандар” делгендер, адилет бийлиги келгенин айтып, алды акталып чыгышты. Аны көргөн Бакиевдердин кланы да бир баш көтөрүп, алтурсун Бакиевдин кезиндегидей Кыргызстан экономикасы өспөгөнүн айтып, карыз кадимкидей азайганын да жар салып ийишти. Алардан кем каламбы дедиби, экс-президент Аскар Акаев да атайы маек кылып, анда азыркы бийликтин бир топ артыкчылыктарын санап, Атамбаев камалаарына дейре көзү ачыктык кылыптыр. Акаев Атамбаевдин учурунда Кыргызстанга келип, эки бир тууганын акыркы сапарга узата албай калганын эскерип, аны өлкөгө келтирбөөгө аракеттер жүргөнүн айткан. Жээнбековдун учурунда мындай аракеттер болбогонун, жаңы команданын ага карата мамилеси жылуу экенин кошумчалаган. Кыскасы, жазда келгиндер көп учуп келе тургансып калды окшойт.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: