Menu

Биле жүрүңүз: Арыктагың келсе тамакты аз ич

Бөлүшүү:

Толуп кетүү тамакты  ашыкча жегенден, гормондордун бузулушунан же дагы кандайдыр бир оорулардын кесепетинен улам болушу мүмкүн. Дени соо адамдардын толуп кетүүсүнүн бирденбир себеби ашыкча тамактануу экендигин адистер айтып келишет. Эгер толук адам арыктоону кааласа, алгач тамакты аз ичүүдөн баштоо керектигин да белгилешүүдө. Эгер арыктай албай же арыктоонун жолдорун билбей жүрсөңүз, төмөнкү диеталарга көз чаптырып көрүңүз.

Аралаш диета
Диетаны 7 күн кармагандар 3-4 килограммга арыктай алышат.
8:00:  сулу акшагынын үстүнө кайнак суу куюп бир аз демдесе, ботко даяр. Кааласа ага алма, жемиштерди кошсо болот. 50 грамм йогурт же быштак жегенге уруксат.
10:00.   алма же 1 мандарин, же башка жемиш.
12:00. Түшкү тамак – сууга бышкан майлуу эмес 150 грамм эт (же балык, же тоок эти), 1 жумуртка.
16:00. Алма же 2 мандарин.
18:00 (же 19:00). Кечки тамак – жашылча салаты, майсыз айран. Сууга бышкан 1 жумуртка жегенге уруксат.

 Сүт диетасы
5 күндүн ичинде ашыкча 2,5 килограммдан арылууга болот. Болгону бир күндө 6 банан, 3 стакан сүт ичүү керек.

Айран диетасы
Аталган диета менен 3 күндө 2-2,5 килограмм менен коштошууга болот. Болгону бир күндө 1 литр айранды бөлүп-бөлүп ичип, жашылчаларды каалашынча жегенге болот.

Күрүч диетасы
7 күндө 3 килограмм салмак ташталат. 3 маал сууга бышырылган күрүч желет (кичине тарелка менен). Буга эртең менен сууга бышкан 1 жумуртка, түштө 100 грамм майлуу эмес тоок эти кошулат. Кечинде күрүчкө 1 помидор кошуп жейм десе өз эрки.

Мандарин диетасы
Аталган диета менен 5 күндө 4 килограмм менен коштошууга болот.
Эртең менен – 1 чыны кофе же 1 чай кашык бал кошулган чай.
Саат 10:00до – сууга бышырылган 1 жумуртка, 4 мандарин.
Түшкү тамак – сууга  бышырылган майлуу эмес 120 грамм эт (тоок эти болсо терисин сыйрып салуу кажет), 1 тарелка ачытылган капуста же жашылча салаты.
Түш оогондо – сууга бышырылган 1 жумуртка, 4 мандарин.
Кечки тамак (кечки саат 6дан кеч эмес) – сууга бышырылган майлуу эмес 120 грамм эт, 1 тарелка жашылча салаты.

Быштак диетасы
3 күн ичинде 2 килограммга чейин арыктоого мүмкүн. Мында бир күндө 5 ирет тамактануу керек. Ар жолкуда 150 граммдан быштак желип, 200 граммдан айран ичилет.

Көңүл бөлө турчу жагдай:
 Диета кармоодон мурда дарыгерден кеңеш алуу зарыл. Бул өнөкөт оорулардын козголбошунун же курчуп кетпешинин алдын алат.
Оорум жок дегендер да организмине доо кетирип албоо максатында врач-диетологго кайрылып, кеңеш алуулары кажет.
Диета учурунда күнүгө 1,5-2 литр суу ичүү керек. Суу денедеги шлактарды, ашыкча суюктуктарды чыгарып, арыктаганга жардам берет.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: