Эл ичинде “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башыңда” деген жакшы сөз бар. Анын сыңары Бакиевдик режимди кулатып, Убактылуу өкмөттү түзгөн үлкөндөрдүн аягы суюлуп отуруп, азыр бийликте экөөсү эле калыптыр. Кимдер калганын жана күнү Өмүрбек Текебаев деген “өчпөс” саясатчы санап берди. Көрсө бири ошол Текебаев, ал эми экинчиси Алмазбек Атамбаев экен. “Убактылуу өкмөттөн экөөбүз эле калдык бийликте. Буюрса жакында Атамбаев дагы кетет, өзүм жалгыз калам”, – деп маашырланды Өмүке. Ошентип, жомоктогудай жашоону айтып, элди ээрчиткен эрендер өздөрү бир жакадан баш чыгара албай бириндеп, акырында ушул эки адамга күнүбүз калыптыр. Өкүнүчтүүсү, баягы эл күткөн өзгөрүүдөн кабар жок. Ураалап кыйкырып, элди алдына салып айдактап жүрүп Ак үйдү алганы менен, өлкөгө акыйкатты, өнүгүүнү алып келүүгө эч кимси чын жүрөктөн чыгынбаптыр. Убактылуу өкмөткө илешип, бактылуу, анан узак өмүр сүргөн балдарыбызга “бали, кыйраттыңар” деп коюп, өлбөгөн күнүбүздү баштан кечире беребиз. Убактылууларга ишенген калктын шору бар экен…
Нурбек Алымбеков, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ