Menu

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты: “Кайсы депутат катуу кыйкырып койсо ошонун айылына мектеп салып баштайсыңар”

Бөлүшүү:

2016-жылга 80 жаңы мектеп салуу пландалган эле, тилекке каршы кашайган каражаттын айынан 80 мектептин жарымынан азы, тагыраагы 31и араң бүтүптүр. КСДПнын депутаты Момбеков чырылдагандай эле бар. Ал ЖК жыйынында: “Мектепти салганда да калк жыш жайгашкан жерлерге салыш керек. Мына шаарга айылдардан калк суудай эле болуп агып келип жатат. Окуучулардын көптүгүнөн 1500 окуучу окуй турган мектепте 2500-3000 окуучу окуп жатат. 3 смен менен окуп жатышат. Силер мектепти салганда да кайсы депутат катуу кыйкырып койсо эле кошомат кылып, ошол депутаттын айылына мектеп салып баштайсыңар. Ал мектептерге барсаң заңгыраган класстарда 10-15 эле окуучу окуп олтурат, шаарда бир класста 40 окуучу. Анан дагы билим берүү начарлап кетти дейбиз. Мугалим кантип 40 окуучуну сурап жетишмек эле?” – деп маселени кабыргасынан койду. Мисалы ошол 31 мектепти борборубузга салса жакшы болбойт беле. Чындыгында ушул жагын Курулуш агенттиги, Билим берүү министрлиги, Өкмөт карап койсо жакшы эле болмок. Келечек жаштарда деп төш каккан менен аларга жетиштүү билим алууга шарт түзүп бере албасак анда аларда кайдагы келечек.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: