Түркияда биринчи жолу коронавирустун жаңы түрү – COVID-19 табылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар бүгүн, 11-март күнү жазып чыгышты.
Түркиянынын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджа коронавирус илдети жакында эле Европадан келген эркек жарандан табылганын айткан. Андан коронавируска анализ алганда, жарандан вирус табылган.
Учурда бейтап карантинге алынган. Анын абалы туруктуу деп бааланууда. Анын үй-бүлөсү жана ал менен байланышта болгон адамдар көзөмөлгө алынган. Саламаттыкты сактоо министри бейтап кайсы аймактагы ооруканада экенин айтуудан баш тарткан.
Дүйнөдө коронавируска чалдыккан адамдардын саны 118 миңден ашып, 4 миңден ашык адам каза болду. Коронавирус дүйнөнүн булуң бурчуна жайылууда. Ал эми Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча коронавирус илдети жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ