Menu

Видео – Кыргызстандын бардык сырт аймактарында аркар-кулжалар менен тоо эчки-текелердин саны көбөйдү

Бөлүшүү:

КР Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун сырт аймактарындагы Сөөк, Жаман-Эчки жана Айгыр-Булак капчыгайларында аркар-кулжалар менен тоо эчки-текелердин санынын көбөйгөнүн билдиришет.

24-июлда агенттиктин кызматкерлери тартып алган фото жана видеоматериалдарда Ысык-Көлдүн сыртында ээн-эркин, үйүр-үйүр болуп жайылып жүргөн аркар-кулжаларды жана кийиктерди көрүүгө болот.

“Акыркы жылдарда коргоого алынган жаратылыш аймактарында гана эмес, сырт зоналарда жана капчыгайларда жапайы жаныбарлардын сынынын көбөйгөнү байкалууда. Буга далил катары жаңы эле биздин кызматкерлер жасаган мониторинг учурунда тартып алынган фото жана видеоматериалдарды көрсөтүүгө болот”, – деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.

“Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аларды айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле жасоого чакырып келүүдө. Ошондой эле жапайы жаныбарлардын санынын азайышына жана көбөйүшүнө байкоо салат. Агенттиктин жапайы жаныбарларды, анын ичинде илбирстерди жана сейрек кездешүүчү жапайы канаттууларды коргоо боюнча түшүндүрүү иштери өз жемишин бере баштады. Эгер мурун жапайы жаныбарларды коргоого алынган жаратылыш аймактарында да кездештирүү кыйын болсо, азыр аларды Кыргызстандын бардык сырт зоналарында жана капчыгайларында жолуктурууга болот”, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: