Өлкөнүн мамлекеттик жогорку окуу жайлары 2 миң 520 абитуриентти бюджеттик орундарга кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.
Жалпысынан 5 миң 440 гранттык орун бөлүнгөн. Анын 504ү атайын кесиптерге, 95 Мамлекеттик башкаруу академиясындагы магистратурага берилген.
Биринчи турдагы сынакка 26 миң 103 абитуриент катышты. Экинчи тур 17-22-июлда өтөт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ